"Учак менен барганга шарт жок". Ички каттамдар качан арзандайт?

Баткен аэропорту. Архивдик сүрөт.

Баш калаа Бишкектен Баткен, Раззаков шаарларына аба каттамдарына билеттин баасы 6 миң сомго чейин болуп жатканы жүргүнчүлөрдүн нааразылыгын жаратып келүүдө. Бул маселе бир нече жолу парламентте да көтөрүлүп, бирок авиакомпаниялар чыгымдары акталбай жатканын билдирген.

Ал тапта "Манас" аэропорту ички каттамдар үчүн эки учак сатып алганын билдирди.

Министрлер кабинети ички аба каттамдардагы билет баасын арзандатуу максатында жергиликтүү авиакомпанияларга колдоо көрсөтүп, чыгымдарынын бир бөлүгүн каржылоону да көздөп жатат.

"Учак менен барганга шарт жок"

Кыргызстандын эң четки аймагы – Баткендин Раззаков шаарынан борбор калаа Бишкекке аба каттамдарына билеттин баасы ушул тапта 6 миң сомго чукулдайт.

Акыркы айларда баалардын кескин кымбатташы жергиликтүү туругундарды кара жол менен сааттап жол жүрүүгө аргасыз кылууда дейт Баткен шаарынын тургуну Нургазы Нишанбаев. Ал жумушуна байланыштуу Бишкекке көп каттайт. Анын убактысынын көбү жолдо өтүп жаткан экен.

"Чынын айтсам учак менен барганга шартым жок болуп калды. Себеби такси менен барсам 2500 сом, учактын баасынын жарым акчасына барам. Бирок ден соолугу начарлар, ооруканага баргандар, анан жаш балдар 1000 чакырымдык алыс жолго чыдабайт экен. 16-17 саат жол жүрүш керек да. Ошолор аргасыз билет алып учуп жатат, кымбат болсо деле. Бул чөнтөккө аябай эле зыян болууда. Барып келгениң эле 12 миң сомдон ашат”.

Лейлек районунун Ак-Суу айылынын тургуну Мамура Отбасарова Бишкектен Лейлектин райборбору Раззаков шаарына билет кымбат болгондуктан үй бүлөсү менен машине аркылуу жолго чыгып, унаасы бузулуп, эки күн убара тартышканын айтып кейиди.

"Дайыма бат-баттан Лейлекке барып келем. Самолет болсо жакшы болмок дейм, бирок аябай эле кымбат болуп жатат. Мисалы, кече эле Лейлектен келдим. Келе жатканда Суусамырда машинабыз бузулуп эки күнгө жакын калып кеттик. Самолет чөнтөккө туура келбейт экен. Мисалы, кызым, жолдошум үчөөбүзгө 16-18 миң болуп калат. Бул өтө эле кымбат. Биз, лейлектиктер арзандаса экен деп үмүттөнүп жүрөбүз".

Дагы караңыз Ички каттамдар: Авиакомпаниялардын талабы жол кирени асмандатты

Учурда өлкө ичиндеги аба каттамдардын эң кымбаты - Бишкек-Раззаков багыты. Учурда билеттер 5600 сомдон 6000 сомго чейин сатылууда. Бишкектеги авиаагенттиктердин биринин жетекчиси Нуразиз Шайырбек билеттин баасын авиакомпания коюп берерин билдирди.

“Эң кымбаты азыр Бишкек-Раззаков каттамы - 5600 сом. Ал эми андан арзаны Баткенге 5100 сом. Анан Ошко 3500дөн 3900го чейин болууда. Бул баалардын баарын авиакомпаниялар коет. Ошол баалар менен сатылат. Ал баадан ашыра албайбыз. Анткени компания менен келишимибиз бар. Ошол келишимдин негизинде сатабыз”.

Кыргызстанда ички каттамдар Бишкектен негизинен төрт багытка - Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Раззаков шаарларына учат. Ошко “Авиатрафик”, “Аэро Номад Эйрлайнс” жана “Тезжет” компанияларынын учактары каттайт. Калган үч багытта бир гана “Тезжеттин” чакан учактары учат. Буга Раззаков, Баткен жана Жалал-Абаддагы аэропорттордун учуу-конуу тилкесинин кыскалыгы себеп.

"Тезжетти" мамлекет колдоого алат

Ички каттамдарга билеттин кымбаттыгы буга чейин парламент жыйынында да көтөрүлгөн. Өзгөчө борбордон Баткенге болгон аба каттамдары элдин чөнтөгүнө чак келбесин айтып, айрым депутаттар бааны көзөмөлдөөгө чакырган. Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев авикомпаниялардын чыгымы да акталбай жатканын, ошондуктан өкмөт чыгымдын бир бөлүгүн жаап, бааны арзандатуу аракетин көрүп жатканын маалымдаган.

Нурланбек Шакиев

“Бул боюнча менде маалымат бар. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбекович менен да сүйлөштүк. Кайрылуулар келген. Алты миң сом каттамдын өздүк наркын жаппайт экен. Бирок элди социалдык жактан коргоп, жардам берүү ирээтинде Министрлер кабинети билеттин баасын бир аз түшүрүп, калган чыгымдарын мамлекет тарабынан дотация кылып мамлекет тарабынан колдоо боюнча иш алып барып жатат. Бул боюнча “Тезжет” компаниясынын жетекчилиги менен дагы, Министрлер кабинети менен дагы сүйлөштүк”.

"Авиакомпаниялар өзүн актабай жатат"

Жарандык авиация агенттиги Кыргызстандагы ички каттамдардан авиакомпаниялардын киреше табышы кыйын деп эсептейт. Баанын көтөрүлүшү инфляцияга байланыштуу экенин айтат Жарандык авиация агенттигинин аба ташууларын стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн инспектору Айнура Молдалиева.

“Быйыл баалар кайрадан каралып чыкты. Көптөн бери ички каттамдарды аткарган авиакомпаниялар билет баасы өзүн актабай жатканын билдирип келишкен. Өзгөчө акыркы учурда керасиндин баасы абдан көтөрүлдү. Андан сырткары техниканын жабдуулары кымбаттады. Самолетту учуруу үчүн Кыргызстандан дайыма техникалык абалын текшерилип туруу керек. Мындан тышкары бир жылда бир жолу чет өлкөдөн кароодон өткөрүлөт. Бул кызмат доллар, евро менен эсептелет. Алардын баалары да көтөрүлдү. Ушулар эске алынып Раззаков менен Баткендин баалары өскөн”.

Дагы караңыз "Манас" аэропорту "Асман эйрлайнс" авиакомпаниясын ачат

"Эки учак сатып алдык"

Ал тапта “Манас” аэропортунун жетекчилиги ички каттамдарды тейлей турган “Асман Эйрлайнс” компаниясын ачканын билдирди. Аны учактар менен камсыз кылуу үчүн эки учак сатып алынганын аэропорттун президенти Манасбек Самидинов 19-сентябрдагы маалымат жыйынында кабарлады.

Манасбек Самидинов

“Бул авиакомпания 100% аэропортко карайт. Ага азыр канадалык Dash-8-400 үлгүсүндөгү эки учак сатып алдык. Учактар 80 орундуу болот. Алар 2013-жылы чыгарылган, авиация тармагында булардын абалы жакшы деп бааланат. Бул экономикага көп таасир берет. Бизде көйгөйлүү маселе бул билеттин баасы. Ошон үчүн биз ушул учактарды алууну чечтик”.

Самидинов ошондой эле учактардын ар биринин баасы 6 миллион АКШ доллардын айланасында тураарын кошумчалады.

"Дотация жолу менен алыска барбайбыз"

“Манас” аэропортунунун мурдагы башкы менеджерлеринин бири Илим Карыпбеков убактылуу чаралар эч кандай жыйынтык бербейт деп эсептейт. Аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртып, эл аралык каттамдарды ишке ашыруу менен мындан чыкса болот дейт ал.

Илим Карыпбеков

“Экономикалык атаандаштык шартты коюп бериш керек. Биз дотация деп отуруп алыска бара албайбыз. Эртең деле эки учакты Баткенге коюп коюп, баасын арзандатып койгон менен калган акчасын же аэропорттун кирешесинен, же өкмөт кошумча булактардан таап берет. Бирок көпкө чейин чыдабайт. Учактар да эскирет. Киреше алып келбеген компания акыры барып жабылат. Бирок чече турган жолу мындай: көп жүргүнчү жүрө турган агым кылыш керек. Ал үчүн мамлекеттин деңгээли башкача болуп, коңшу өлкөлөр менен теңтайлашып, алардын өткөн жакшы шартты кылып берсе, ошол эле өзбектер, тажиктер келип учуп турса болду, “Тезжет” эле эмес, керек болсо, түрк аба жолдору барып ошол жерден уча баштайт”.

Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын сапатынан, учуу коопсуздугунан улам 2006-жылы Европа Биримдигинин "кара тизмесине" кирип, чөлкөмдөгү ишмердиги чектелген.

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо –“Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ.

Ушу тапта өкмөт ички каттамдарды жандандырууну көздөп, кыйла жылдан бери иштебей турган бир катар аэропортторду жаңылоого киришти.

Дагы караңыз "Билет кымбат, каттам жок". Орусиядан кайта албаган мигранттар