Жыл башынан бери Кытайдан Кыргызстанга 4085 машина импорттолду

Электромобил. Иллюстрация.

Быйылкы январь-август айларында Кыргызстанга Кытайдан 4085 автоунаа импорттолгон. Бул тууралуу Кытайдын Бажы башкармалыгынын маалыматына шилтеме кылып, "Тазабек" порталы жарыялады.

Бул эки жыл мурунку көрсөткүчтөн 6,4 эсе көп. Бул аралыкта Кытайдан ташылган автоунаалардын баасы да 79% кымбаттаган.

Улуттук статистика комитетинин маалымдашынча, Кыргызстан электромобил импортунун көлөмүн көбөйтүп, унаалардын басымдуу бөлүгүн Кытайдан алып келген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров август айында Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна болгон иш сапарынын алкагында BYD Co Ltd электромобил чыгарган корпорациясынын төрагасынын орун басары Иван Цао менен жолугушкан. Тараптар Кыргызстанда электромобилдерди кубаттоочу станция куруу, ток менен жүрүүчү автоунааларды сатуу жана чыгаруу маселелерин талкуулашкан. (ZKo)

Дагы караңыз

ӨКМге эки мобилдик оорукана берилдиАкыйкатчы Селекцияда зомбулук көргөн келиндин абалынан кабар алды "Вагнердин" мурдагы командири Норвегияда кармалды Орусиядагы мигранттарга каршы маанай. Кремль элдин көңүлүн согуштан алаксытып жатабы?