Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:06

Акыйкатчы Селекцияда зомбулук көргөн келиндин абалынан кабар алды


Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева 24-сентябрда ооруканага барып, мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактаган аялдын абалынан кабар алды. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы палатада жабырлануучунун бир тууганы менен сүйлөшүп, андан кошумча маалыматтарды алды.

"Аял жашы жете элек балдарынын абалына кабатыр болуп жатат, кичүү уулу бул кылмыштын күбөсү болгон. Аларга тез арада психологиялык көмөк зарыл", - деп белгилеген Жаманбаева Акыйкатчы институту жабырлануучуга жана анын балдарына зарыл жардамды көрсөтөрүн айтты.

Ошондой эле ал Министрлер кабинетинин башчысын, Жогорку Сотту, башкы прокурорду аялдын укугун коргобогон кызмат адамдарына чара колдонууга чакырды.

“Аял бир нече ирет укук коргоо органдарына кайрылып, мурдагы жолдошу зордуктаганын маалымдаган, ал көмөк, коргоо сураган, бирок ошого карабай өтө оор кылмышка айыпталуучуну үч жылдык мөөнөткө пробация колдонуу менен эркиндикке чыгарып жиберишкен. Сот органдарынын, укук коргоо органдарынын жетекчилиги төбө чачты тик тургузган оор кылмышка жол берген кызмат адамдарына карата катаал чараларды токтоосуз кабыл алууга милдеттүү. Аталган органдардын өздөрүнүн аракетсиздиги, кайдигерлиги менен үрөй учурган кылмышка жол берген ар бир кызматкери жаза алышы керек”, - деди ал.

20-сентябрда Селекция айылында 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөн. Буга шектүү катары анын мурдагы күйөөсү, 39 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов келинге сегиз сааттык операция жасалганын, учурда абалы орточо оор экенин билдирди.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Денеге оор залал келтирүү") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков келиндин иши боюнча кеңешме өткөргөн. Анда келинди бычактоого шек саналып кармалган жаранга буга чейин эки жолу зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму 2022-жылы Кыргызстанда 6580 үй-бүлөлүк зомбулук катталып, анын 2709у гана сотко жеткенин билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG