Караколдо төрт балалуу келиндин өлүмү иликтенип жатат

Каракол шаары.

Каракол шаарында төрт балалуу келин асынып алганы тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымдашынча, окуя 18-сентябрда болгон.

"18-сентябрда облустук ооруканадан милицияга кабар келип түшкөн. Анда Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринен асынган абалдагы келиндин сөөгү табылганы кабарланган. Факты электрондук журналга катталып, келиндин денесине сырттан карап чыкканда, күч колдонуу фактылары аныкталган эмес. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп билдирди милиция.

31 жаштагы маркумдун төрт кызы бар, эң кичүүсү 2 айлык.

Анын өз өмүрүнө кол салууга түрткөн жагдайларды иликтеп-тактоо иштери жүрүп жатат.(AsK/ZKo)

Дагы караңыз

Бишкек, Ош: Батир баасы, ижара акысы асмандады Америка-Борбор Азия жолугушуусу: Орусия менен Кытай эмнеге кабатыр? Өкмөт кыргыз-казак форумунда 60 млн долларлык келишимге кол коюлганын билдирди Севастополдо жардыруулар болгону кабарланды