Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Америка-Борбор Азия жолугушуусу: Орусия менен Кытай эмнеге кабатыр?


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШ президенти Жо Байден жана анын жубайы Жилл Байден менен, 21-сентябрь, 2023-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШ президенти Жо Байден жана анын жубайы Жилл Байден менен, 21-сентябрь, 2023-жыл.

Американын лидери менен Борбор Азиянын беш президенти 19-сентябрда биринчи жолу Нью-Йоркто бир үстөлгө отурду. Жо Байден беш өлкөнүн лидери менен эмне үчүн эми жолугууну чечти? Вашингтон чөлкөмдө Москва жана Бээжин менен атаандаша алабы? Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан эмнени көздөйт?

Борбор Азиядагы кырдаалга байкоо салган эксперттер: АКШдагы Питтсбург университетинин Башкаруу жана рыноктор борборунун директору Женнифер Брик Муртазашвили жана Crossroads Central Asia изилдөөинститутунун директору Шайырбек Жороев "Азаттык" радиосунун "Биз жана дүйнө" программасында ой бөлүштү.

- Женнифер, Жо Байден президенттердин деңгээлиндеги Си5+1 форматындагы саммитти “тарыхый учур” деп атады. Ал эми сиз кандай сыпаттайсыз? Бул жолугушуу эмнеси менен маанилүү?

Женнифер Брик Муртазашвили: Чынында бул тарыхый жолугушуу. Себеби АКШнын президенти алгач ирет Борбор Азиядагы беш республиканын лидерлеринин баары менен чогуу жолукту. Президент Байден өзү да бул лидерлердин көбү менен биринчи жолу кол алышты. Бул саммит Борбор Азиянын регион катары канчалык маанилүү экенин, өзгөчө беш республиканын чогуу тургандагы маанисин баса белгилеп турат.

Бул жыйын Кошмо Штаттар Борбор Азияга мурдагыдай Ооганстан боюнча саясатынын бир бөлүгү катары эмес, өзүнчө регион катары көңүл бурарын дүйнөгө ишарат кылды. Президент Байдендин бул жолугушуусунан кийинки билдирүүлөрдөгү бир жагдай мен үчүн кызыктуу болду.

Талкууда эки сөз бир да жолу айтылган жок. Ал Ооганстан жана Украина. Дал ушул Украинадагы жана Ооганстандагы окуялар Вашингтондун бул регионго мурдагыга салыштырмалуу көңүл буруп жатышына түрткү берген себептердин бири.

- Борбор Азиядагы мамлекеттер 32 жыл мурда көз карандысыздыгын жарыялаган. Эмне үчүн АКШнын кызматтагы президенти ушунча жылдан кийин гана Борбор Азия лидерлери менен жолугуп жатат?

Женнифер Брик Муртазашвили: Менимче, бул маселе Борбор Азиянын өзүндөгү кырдаалды да чагылдырып турат. Көп жыл бою Борбор Азия лидерлери өздөрү бири-биринен кызматташа албай, бир үстөлгө отура албай келишти. Регионалдык экономикалык кызматташтык же интеграция тууралуу сөздөр болгон жок. Кийинчерээк бул маселелерди Борбор Азиянын лидерлери өздөрү маанилүү деп көтөрүп чыгышты. Ошондуктан алар менен бир топ катары, чогуу жолугуу эмне үчүн маанилүү экенин түшүнсө болот.

Чөлкөмдөгү өлкөлөр АКШ менен эки тараптуу кызматташтыгын уланта алышат. Өзбекстан жана Казакстан буга мисал боло алат. Кезинде Американын Кыргызстанда аскердик базасы да бар эле.

Бирок өлкөлөр регионалдык экономикалык кызматташтык үчүн көп тараптуу блок же бир нече мамлекеттин башын бириктирген топ катары мындай жолугушууларды өткөрүп жатканы түшүнүктүү эле.

Борбор Азия, анын ичинде региондун лидерлери да чогуу иш алып барса, күчтүүрөөк болорун аңдап билип турушат. Өзгөчө Борбор Азия жайгашкан чөлкөмдү, коңшуларды эске алганда...

- Шайырбек мырза, президенттердин деңгээлиндеги алгачкы «Борбор Азия-АКШ» саммити борбор азиялыктар, Борбор Азия үчүн эмнеси менен маанилүү болду?

Шайырбек Жороев: Саламатсыздарбы! Биринчиден, бул жолугушуунун канчалык маанилүү же тарыхый болгонун кийинчерээк билсек болот. Бул саммит өтө кыска болду. Албетте, бул жолугушуудун ушул форматта орун алгандыгынын өзү чоң окуя. АКШнын лидери Борбор Азиянын, биздин лидерлер менен бетме-бет жолугуу менен ушул региондо, ушул чөркөмдө Американын кызыкчылыгы бар жана кандайдыр бир көңүл бурууга, инвестицияга даяр экендигин көрсөттү.

Бирок, албетте, дипломатияда мындай жолугушуулар өтө көп болот. Кайсы жолугушуулар жыйынтыкка алып келет? Бул сүйлөшүүлөрдүн негизинде кийинки кадамдар кандай болот? Жылыш болобу же болбойбу? Аны убакыт көрсөтөт. Ошондуктан азырынча мен бул жыйындан кийин чоң күтүүдөн алыс болот элем.

– Жыйынтык демекчи, албетте, саммитте коопсуздук, жашыл экономика, инвестиция маселелери талкууланганы кабарланды. Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө мүмкүнчүлүк берген жолдор тууралуу канчалык сөз болгону же кандай эскертүүлөр болгону расмий айтылган жок. Саммиттен кийинки билдирүүлөрдү талдап көрсөк, бул жыйындан кандай майнап чыкты деп айтса болот?

Шайырбек Жороев: Менимче, эң негизги жыйынтыгы эле биздин лидерлер «Америка Кошмо Штаттарынын приоритеттери бар» деген маалымат берилди. Алардын сөздөрүн карасак, биринчиден, транспорттук инфраструктураны баса белгилешти. Коопсуздук маселелери, сиз айткандай, жашыл экономикага байланыштуу көп маселелер айтылып келет. Анын ичинде адам укуктары дагы бар.

Бирок президенттердин бардыгы “Ортоңку коридор” же Middle Corridor жөнүндө сөз кылышты. Кытай менен Европаны бириктирген транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө Американын кызыкдар экениндиги дайын болуп жатат. Ошол эле маалда минералдык ресурстар боюнча алар атайын бир диалог, кызматташуу уюштуралы деп жатышат.

Бул да эмненин белгиси? Экономикалык жактан БорборАзияны мүмкүн болушунча колдойбуз деген сөз. Албетте, Украина маселеси, Кытай маселеси, Америка-Кытай мамилелери, же болбосо Ооганстан темасы атайын ушул негизги атмосфераны бузбай турган кылып, талкуудан чыгарып коюшту.

Демек, акыркы 5-10 жылда Америка Борбор Азиядан кетти, Ооганстандагы согуш бүткөндөн кийин Америка кызыкпай калды деген түшүнүк бар эле. Ошону азыр АКШ өзү да түшүнүп, мүмкүн болушунча «жок, биздин кызыкчылыгыбыз бар жана бирге иштешкенге даярбыз» деген бир белгини бергенге аракет кылып жатышат.

Борбор Азия лидерлери менен АКШ президентинин жолугушуусу, Нью-Йорк шаары, 19-сентябрь 2023-жыл.
Борбор Азия лидерлери менен АКШ президентинин жолугушуусу, Нью-Йорк шаары, 19-сентябрь 2023-жыл.

- Бул саммит Борбор Азиядагы укук бузууларга байланыштуу Нью-Йорктогу акциялар менен коштолду. Женнифер, Кошмо Штаттар Борбор Азиядагы мамлекеттерден мыйзам үстөмдүгү, адам укуктары жана сөз эркиндигине байланыштуу конкреттүү кадамдарды талап кылууга канчалык дилгир? Деги, бул маселелер саммитте талкууланды дейсизби?

Женнифер Брик Муртазашвили: Президент Байден бул маселе тууралуу сөз кылды деп ишенем. Кошмо Штаттар жылдар бою демократия жана адам укуктарына байланыштуу чаташкан сигналдарды берип жатып, региондогу көп таасиринен ажырап калды.

Мисалы президент Байдендин тышкы саясатында демократиялуу өлкөлөрдүн биримдигине өзгөчө көңүл бурулат. Ал демократиялуу мамлекеттер менен саммиттерди өткөрүп келет. Ошол эле маалда ал Борбор Азиядагы демократиялуу эмес өлкөлөрдүн лидерлерине да көңүл буруп жатат.

Региондогу лидерлер демократия тууралуу эскертүүлөргө кулак салбай калышты. АКШ бул маселени узак убакыттан бери айтып келе жатканы менен анын кадамдары, өзгөчө коопсуздук тармагындагы кызматташтыкка байланыштуу аракеттери башка нерсени каңкуулап жатат.

Ошондуктан бул маселеге абдан көп көңүл бурулду деп ойлобойм. Албетте, президент Байден реформаларды ишке ашыруу маселеси тууралуу сөз кылса керек. Доктор Жороев айткан экономикалык кызматташтыкты, экономикалык интеграцияны алдыга сүрөө үчүн, коридорлорду ачуу, инфраструктурага көңүл буруу, соодадагы тоскоолдуктарды азайтуу, сырттан инвестиция тартып келүү үчүн реформалар маанилүү.

Реформаларга болгон ишенимди жаратуу маселесинде Казакстандан башка чөлкөмдөгү өлкөлөр тоскоолдукка туш болуп келишетю. Инвесторлор чөлкөмгө салган ресурстары коопсуз экенин сезиши керек.

Кыргызстандагы соңку жылдардагы окуяларда бул маселелер көтөрүлдү. Саясий толкундоолор болуп, ал чет элдик инвестицияларга таасирин тийгизди. Өзбекстанда да узактан бери ушул маселе бар.

Эгер чет өлкөдөн инвестиция тартып келүүнү көздөсөк, чет элдик инвесторлор, өзгөчө америкалыктар мыйзам үстөмдүгүнө көңүл бурушат. Сөзсүз эле демократияны алга сүрөө үчүн эмес, регионго салган инвестициясын сактоо үчүн жана бул инвестицияларды колдогон өкмөттөр ишенимдүү экенин билүү үчүн.

– Шайырбек мырза, сиздин дагы пикирди уга кетсек, АКШ өзүн узактан бери демократиянын чемпиону катары көрсөтүп келет. Эл аралык уюмдар, анын ичинде Freedom House Борбор Азияда авторитаризм тескерисинче күчөп жатканын эскертип келишет. Демократия маселесине байланыштуу ушундай карама-каршы баалуулуктар АКШ менен Борбор Азия ортосундагы кызматташтыкка канчалык кедергисин тийгизиши мүмкүн?

Шайырбек Жороев: Ооба, акыркы 30 жылды карасак, алгачкы 10-15-жылдын ичинде Борбор Азия менен Америка Кошмош Штаттарынын кызматташтыгында демократияны өнүктүрүү, жарандык коомду, сөз эркиндигин колдоо маселесине көп көңүл бурулган. Азыр заман өзгөрүп жатат. Муну Американын көптөн берки карама-каршылыктуу приоритеттери деп көрсөтпөй деле койсок болот. Себеби Американын өзүндө азыр демократияны дүйнөгө жайылтуу деген приоритети президенттин деңгээлинде мурдагы болбой калды. Албетте, бул Америка Кошмо Штаттарынын ичиндеги саясий ситуациянын көрсөткүчү. Ошол эле маалда дүйнөдөгү акыбал да өзгөрүп жатат. Бүгүнкү күндө АКШнын президенти Түркмөнстандын президенти менен бетме-бет сүйлөшүп, кол алышып, кызматташтыкты сүйлөшүп аткан учуру.

Менимче, бул маселеде чоң үмүт, баягы күтүүлөрдү карманбашыбыз керек. Албетте, Америкада акция чыккандардын өз укугу, сөз эркиндигин талап кылганга укугу бар. Бирок эл аралык мамилелерде чет мамлекеттен ички маселелерибизди чечкенге жардам бер деп талап кылганыбыз канчалык жыйынтыкка алып келет? Бул чоң маселе.

Мурдагы 1990-2000-жылдардагы абал азыр жок. Ошондуктан мен бул жерде көп деле карама каршылыкты көргөнүм жок. Менимче, барган сайын жарандык коомду колдоо, сөз эркиндигин колдоо, албетте, дипломатиянын тилинде кала берет. Кызматташтык учурунда айтылат, бирок кызматташтыктын негизги каналдарында бул маселе мурдагыдай болбойт.

- АКШ соңку бир жылдын ичинде Борбор Азия лидерлерин саммитке чогулткан бешинчи геосаясий оюнчу болуп калды. Женнифер, Кытай менен Орусия Борбор Азиянын лидерлери менен мындай форматтагы биринчи саммиттерин май жана октябрь айларында өткөргөн. Ак үй соңку Нью-Йорктогу саммит эч кимге каршы багытталбаганын айтып жатат. Ошентсе да Москва менен Бээжин “Борбор Азия-Америка” саммитин кандай кабыл алды деп ойлойсуз?

Женнифер Брик Муртазашвили: Москванын перспективасынан алганда, албетте, аларга жакпайт. Кытайдын песрективасынан алганда биз ойлогончолук мааниге ээ болбошу да мүмкүн. Кытайдын көптөгөн маанилүү, соода өнөктөштөрү бар. Кошмо Штаттар Кытайдын эки тараптуу эң чоң соода өнөктөшү экенин эстен чыгарбайлы. Кытай болсо АКШнын эң чоң соода өнөктөшү. Вашингтон менен Бээжиндин саясий позициялары каршы келиши ыктымал, бирок эки өлкөнү байланыштырган карым-катыш баары бир күчтүү.

Мындай форматтар тууралуу президент Рахмондун буга чейин айткан сөздөрүнө келсек. Ооба, бул форматка байланыштуу жана ал эмне үчүн маанилүү деген суроолор бар.

Ушул тапта Борбор Азияда бул формат эмне үчүн маанилүү? АКШнын көз карашынан алганда менин оюмча, Борбор Азия перспективасынан да алганда, сан канчалык көп болсо, күч да ошончо көп болот.

Чөлкөмдөгү өлкөлөр өз-өзүнчө турганда, алардын коңшулары Кытай менен Орусияныкындай күч-кубаты жок. Эгер алар бирге чогуу аракет кылса, дүйнөлүк сахнада кандайдыр бир таасири болмок. Ар бири өз алдынча кайдан андай таасирге ээ боло албайт.

Саясий жактан алганда, чөлкөмдөгү өлкөлөр ортосундагы мындай кызматташтыкты бир нече жыл мурун элестетүүгө болбойт эле. Кошмо Штаттарынын ушул учурду кармап, чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн лидерлерин жана калкын кызыктырган маселелерди тууралуу сөз кылып жатканы маанилүү. Бул оболу, албетте, экономикалык маселелер. Океанга чыга албаган өлкөлөр үчүн соода-сатык жүргүзүү кыйла кыйын, тарифтер өтө жогору. Өткөн аптада президент Мирзиёевдин Борбор Азияда эркин экономикалык аймак түзөлү деп чакырганы - экономикалык кызматташты илгерилетүүгө, коңшуларын душман тутпай, тескерисинче алардын пайдасын көрүүгө жол ача турган аракеттин белгиси. Эгер алар чогуу турса күч-кубаты, таасири артмак. Бул жагдай Кытайга же Орусияга коркунуч жаратабы? Андай деп ойлобойм.

АКШ, президент Рахмон айткандай, Кытай, Жапония, Корея, Орусия жасап жаткан ишти эле жасап жатат. Азыр АКШ Борбор Азияга багытталган саясатын чыңдап, өнүктүрүп жаткандай көрүнөт.

Эске салсак, Кошмо Штаттар чөлкөмдө бараандуу аскер базаларын кармап турган. Вашингтон бул өлкөлөрдү жакшы билет. Бирок алар ошол коопсуздук жагынан гана океандын ары жагына таанылган болчу. Борбор Азия өлкөлөрү өздөрү сүйлөшүү темасына айлантып жаткан экономикалык жана мамлекеттик башкаруудагы өз ара кызматташтык жагына маани берилген эмес. Бул башкача бир чөйрө. Бул жагдай өлкөлөрдөн кызматташууну талап кылат.

"Орусия-Борбор Азия" форматындагы алгачкы жолугушуу, Астана, 14-октябрь 2022-жыл.
"Орусия-Борбор Азия" форматындагы алгачкы жолугушуу, Астана, 14-октябрь 2022-жыл.

- Стратегия демекчи, Борбор Азияга келгенде Кытай менен Орусиянын эмнени көздөп турганы так сезилгендей. Эки чоң держава чөлкөмгө географиялык жактан гана жакын эмес, экономикалык жана саясий таасири да чоң. Жакында эле өзүбүз күбө болгондой, Кытайдын лидери Си Цзинпин Борбор Азияга бараандуу финансылык колдоо көрсөтөрүн жарыя кылды. Ушундай кырдаалда Вашингтон Борбор Азияда өз таасирин арттыруу үчүн Москва жана Бээжин менен атаандаша алабы?

Женнифер Брик Муртазашвили: Биз буга чейин токтолуп кеткендей, эки жыл мурун Кошмо Штаттар Ооганстандан кантип чыгып кеткени эсиңизде чыгаар. Кошмо Штаттар чөлкөмдө олуттуу оюнчу катары өз беделин катуу түшүрүп алган. Албетте, Кошмо Штаттардын кадайдыр бир жакындыгы калды деңизчи. Ошол эле инвестиция, технологиялык инвестиция Кошмо Штаттардан, Батыш Европадан барып жатканы турган иш го. Чөлкөмдөгү дипломаттар, саясаттын нугун аныктаган адамдар менен сүйлөшкөндө АКШнын бул чөлкөмгө багытталган так стратегиясы жоктугуна ынангандай болосуз.

Кытай менен Орусиянын, албетте, өздөрүнүн стратегиясы бар. Бирок Кошмо Штаттар бул чөлкөмдө эч качан Кытай менен Орусиянын ордун алмаштыра албайт. Ооганстанда америкалык аскерлердин жоон тобу турганда, албетте, чөлкөмдө таасири да ошончолук салмактуу эле. Эми ал доор аяктады. Андыктан Кошмо Штаттар өз стратегиясында чөлкөмдө эмне маанилүү экенин, андагы ар бир өлкөнүн маани-маңызын түшүнүп туруп, баалап чыгышы керек. Бул регион Украинада согуш жүрүп жатканы үчүн же жакын жерде Кытай турганы үчүн гана маанилүү болбошу керек. Эгер Борбор Азия АКШдан инвестиция алууну көздөгөн күндө да чөлкөмдө АКШнын бедели түшүп турса, мыйзам үстөмдүгү жок болсо, америкалык компанияларга андай жерге барып инвестиция салуу өтө кыйын болмокчу.

-Шайырбек мырза, сиздин ойду билели. Кытай, Орусия, Индия жана АКШ сыяктуу геосаясий оюнчулар Борбор Азияны утур-утур жолугушууга чакырып жатышат. Ар бир өлкөнүн өзүнүн стратегиялык максаттары бар деп айтып жатабыз. Мындай шартта Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын кызыкчылыгы, максаты эмне болушу керек?

Шайырбек Жороев: Бул форматтын мындай өтө популярдуу болуп кетишинин себеби, биринчиден, Борбор Азияда ушундай форматта жолугушууга мүмкүнчүлүк жаралып калды. Өзбекстан менен Казакстанда бийлик өзгөргөндөн кийин көп жылдан бери жолукпай келген Борбор Азиянын президенттери бир жылда бир жолу болсо да өз ара жолуга баштады. Ошонун негизинде башка өлкөлөр да бир тараптуу ар бир өлкө менен өзүнчө жолукпай, бешөө менен бирге жолукканга мүмкүнчүлүк алышты.

Экинчиден, албетте, 2015-жылы Америка менен С5+1 форматында сүйлөшүүлөр башталгандан кийин кичине атаандаштык сезими деле пайда болду. Орусия деле жакынкы өнөктөшүбүз болуп туруп, канча жылдан бери, Америкага окшоп бешөө менен бирге жолуга турган форматы жок экендигин түшүндү. Кытай да жолукту.

Бирок Борбор Азия үчүн бул эмнени билдирет? Бул, биринчиден, чоң мүмкүнчүлүк. Чынын айтыш керек, Борбор Азияда биз өз ара бири-бирибиз менен мамиле куруунун майын чыгара албадык. 30 жылдан бери кызматташтыкты жакшы деңгээлге чыгара албадык. Өтө көп ортодо маселелерибиз бар жана кайсы бир деңгээлде ушул сырткы өнөктөштөр менен 5+1 форматында жолукканыбыз ошолордун жардамы менен кайсы бир шарттарда Борбор Азияны өзүнүн интеграциясына, өзүнүнүн кызматташтыгына бир салым кошулуп жатат.

Беш президент бири-бири менен жолугуп, сүйлөшүп, кол алышып, бир жылда бир эмес, ушул саммиттердин арты менен бир жылда эки жолу же үч жолу чогулуп турушат. Бул бир пайда.

Бирок мындан ары эмне кылышыбыз керек? Бул маселеге кандай карашыбыз керек? Кыргызстан жөнүндө сүйлөшсөк. Кайсы гана өлкө болбосун, эң эле негизги принцип бар. Бул өзүбүздүн мамлекетибиздин, өзүбүздүн коомубуздун кызыкчылыктарын, приоритеттерин так жана даана аныктап, ошонун негизинде сырттагы өнөктөштөрүбүз менен мамилени түзүшүбүз керек.

Бул жерде бир нерсени түшүнүшүбүз керек. Орусия болобу, Америка болобу, Кытай болобу, биз менен мамиле курганда алардын эң биринчи ойлогону өздөрүнүн приоритеттери, өздөрүнүн кызыкчылыгы. Алар жок жерден Борбор Азияга жакшылык каалап жатабыз, ошон үчүн гана мамиле куруп жатабыз деген жери жок. Ошону биз туура түшүнүп, алардын кызыкчылыгы менен биздин кызыкчылыгыбыз дал келген маселелерди таап, ошол жерден жакшы бир жыйынтыктарга келгенге аракет кылсак болот.

"Кытай-Борбор Азия" саммити, Сиан, 19-май 2023-жыл.
"Кытай-Борбор Азия" саммити, Сиан, 19-май 2023-жыл.

- Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына кайрылуусунда Борбор Азияны бардык эл аралык күчтөрдүн өз ара кызматташуусуна салымын кошкон “геосаясий ортомчу” катары көрөрүн айтты. Бирок региондо суу, чек ара маселеси бар, соодада тоскоолдуктар болуп жатат. Мындай шартта Борбор Азия өлкөлөрү канткенде, кантип бирдиктүү күч боло алабы?

Шайырбек Жороев: Эми президентибиздин бул айткан сөзүн мурдагы президенттерибиз дагы айтып келген. Көп кичинекей өлкөлөр ушундай сөздөрдү айтып келет. Эки чоң оюнчу болсо, бирөөсүнүн жакшы досу болуп калып, экинчисине каршы болгондон качышыбыз керек.

Ошондуктан бул «биз бардыгыбыз менен бир мамиле кылабыз жана алардын арасына ортомчо болобуз» деген мааниде айтылган сөз. Албетте, Борбор Азиянын ортомчу боло турган дарамети жок. Биздин колубуздан келгени жана бизге маанилүү болгон нерсе – өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз үчүн Кытай менен да, Орусия менен да, Европа менен да, Америка, түштүк жактагы коңшулар менен мамиле түзүшүбүз керек. Бизге пайдалуу, аларга да пайдалуу, жыйынтык чыга турган нерселерди түзө беришибиз керек.

Мүмкүн келечекте Борбор Азия бир күч болот деген каалообуз бардыр. Бүгүнкү күндө андай эмес. Эми дипломатияда чоң трибуналарда мындай сөздөр айтылып жүрөт. Айтылышы керек. Иш жүзүндө Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына байланыштуу маселелер бар. Канча жолу жолуксак да чечилбей жатат. Кайсы бир деңгээлде биздин сөзүбүз менен жасаган ишибиз дал келбей жатат. Демек, биз өз арабызда али бүтүрө турган иштерибиз көп.

Чоң трибуналарда, чоң форматтарда жогорку деңгээлде жолугушуулар болуп жатат. Бирок карапайым калктын жашоосунда мүмкүнчүлүктөр пайда болуп жатабы же болбосо маселелер чечилип жатабы? Булардын жыйынтыгын ушул көрсөткүч менен баалашыбыз керек. Азырынча маселе өтө эле көп.

- Женнифер, кантсе да АКШ менен Борбор Азиянын ортосундагы тарыхый деп сыпатталган саммит өттү. Кошмо Штаттар Борбор Азияга эмне кыла алат? Албетте, айрымдар Борбор Азиянын АКШ менен соода алакасын күчөтүү үчүн Кансыз согуштан калган Жэксон-Вэник түзөтүүлөрүн жокко чыгарууга чакырып жатышат. Кошмо Штаттар Борбор Азия менен кызматташтыгында кандай конкреттүү кадамдарды ташташы керек?

Женнифер Брик Муртазашвили: Бул абдан жакшы суроо. Учурда Жэксон-Вэник түзөтүүлөрүнөн башка конкреттүү кадамдарды так аныктоо кыйынга турат. Себеби ортодогу карым-катыш узак убакыттан бери коопсуздук маселесине негизделип келген. Ал кезде Борбор Азия мамлекеттери эмнени каалап жатканы түшүнүктүү болчу.

Менимче, АКШ бул регионго карата тышкы саясатын кайра карап чыгууда. Экономикалык маселелерге, реформаларга көңүл буруп, региондогу айрым өлкөлөрдүн Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болушуна көмөк көрсөтө алат. Техникалык колдоо да көрсөтсө болот.

Доктор Жороев айткандай, соңку 25 жылдын ичинде ушул сыяктуу аракеттерди көп көрдүк. Бирок Кошмо Штаттар Орусия же Кытайдан айырмаланып, чөлкөмгө түз инвестиция сала албайт. Вашингтон америкалык компанияларга барып, “Борбор Азияга инвестиция салгыла” деп айта албайт. Анткени рынок экономикасы андай иштебейт. Андыктан Кошмо Штаттардын колундагы инструменттер анча күчтүү эмес.

Азыр Борбор Азияда “биз Украинадагы согуштан улам силер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү курмандыкка чалып жатабыз” деген ой бар. АКШ Орусияга санкцияларды салганы белгилүү.

Экономикалык жана соода маселесинен алып караганда, Борбор Азиянын туш тарабы санкцияга кабылган. Түндүк тараптагы Орусияга санкция салынган. Түштүктө Ооганстанга байланыштуу санкциялар бар. Түштүк-батышта Иранга каршы санкциялар иштеп жатат.

Эгер океанга чыгууга мүмкүнчүлүгү болбогон чөлкөмдө болсоңуз, АКШга кайрылып, “андай болсо Ортоңку коридорго инвестиция салыңыз” деп кайрылып жатканыңызды түшүнсөк болот.

Бул Кошмо Штаттар таштай ала турган конкреттүү кадам. Ушул маселе күн тартибине коюлганы жакшы болду. Бул так жыйынтык чыгарса боло турган бир тармак. Бирок бул узакка созула турган, көп чыгымды, көп тараптуу оюнчулардын катышуусун талап кылган долбоор.

- Шайырбек мырза, албетте, чөлкөмдө Орусия менен Кытайдын таасири күч. Бирок Кыргызстан АКШ менен кандай мамиле курушу керек?

Шайырбек Жороев: Албетте, АКШ - бул экономикалык, аскердик жана саясий жактан глобалдуу күч. Бизде бир эле вариант бар: АКШ менен деле, башка мамлекеттер менен деле максималдуу түрдө кызматташууну күчөтүшүбүз керек.

Азыр бизде 2015-жылы токтоп калган эки тараптуу кызматташуу жөнүндө келишимибиз турат. Такыр эле кол коюлбай жатат. Эмне үчүн кол коюлбай жатканын биз дагы эч кимге түшүндүрө албай жатабыз? АКШ тарап “бүт баары даяр, бир гана кол коюу гана калган, ошону эле күтүп жатабыз” деп жатышат. Бул жерде баягы эле бир досторубуз экинчи досторубузга каршы болгондой абал болуп жатат.

Кыргызстанда АКШга, Кытайга же башкасына достук эмес мамиле түзгөнгө дараметибиз жок. андай биздин кызыкчылыгыбыз эмес. АКШ кайсы жактан жардам берет деп ээлеп суроо бербей, алардан өнүгүү приоритеттерибиз үчүн эмне ала алабыз? Эмне үйрөнө алабыз?

АКШ үчүн майда маселе болсо дагы биз үчүн чоң маселе болгон каналдарды таап, ошол жакта мүмкүн болушунча бир жыйынтыкка келүү үчүн аракет кыла беришибиз керек.

Буга чейин кээ бир саясий маселелердин артынан демарш жасап, капа болгон, жаш баладай саясаттарыбыз болуп калды. Ошондойлорду токтотуп, оор басырыктуу, этият, ошол эле маалда өзүбүздүн позициябызды бекем билген оюнчу катары өзүбүздү алып жүрүшүбүз керек.

Албетте, эл аралык мамилелер бир күндүк нерсе эмес. Америка да жүрө берет. Кытай биздин коңшубуз. Эч жака жоголбойт. Ар бири менен бир бир күндүк, бир жылдык эмес миң жылдык мамилелерди түзө беришибиз керек. Бир гана жаат эмес, бүт жааттарда уланта беришибиз керек.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG