Акыркы жылдары АКШ, Орусия жана Кытай өзөктүк полигондорун жаңылашты. Жаңы имараттар курулду жана өзөктү куралды сыноо үчүн туннелдер казылды. Бул тууралуу CNN телеканалы спутниктен алынган сүрөттөргө таянып маалымдады.
Журналисттер өзөктүк куралдарды сыноого даярдык боюнча далилдер жоктугун, бирок өзөктүк үч полигондун инфраструктурасы беш жыл мурдагыдан кыйла өзгөргөнүн билдиришүүдө.
Кытайдын өзөктүк полигону Шинжандын батыш аймагында жайгашкан. Орусияныкы - Түндүк муз океанындагы Жаңы жер архипелагында турат, ал эми АКШ - Невада чөлүнө курган. Акыркы үч-беш жылда бул аймактарда жаңы туннелдер, жолдор жана кампалар курулуп, транспорттук каражаттардын кыймылы жанданган.
Кытайда акыркы эки-үч жылда жаңы туннел казылып, жаңы жол жана жардыргыч заттар сакталуучу кампалар курулган.
Ал эми Жаңы жердеги өзөктүк полигондогу өзгөрүү былтыр, февралда байкалган. Спутниктен алынган сүрөттөргө караганда, 2021-2023-жылдары архипелагга кемелер жана транспорттук контейнерлер келип, тоолордо туннелдер курулган, жолдор тазаланган.
Невада чөлүнөн тартылган сүрөттөрдө акыркы беш жыл ичинде өзөктүк полигон кыйла кеңейгени байкалат. АКШнын энергетика министрлигинин жана НАСАнын өкүлдөрү бул чөлдө өзөктүк тажрыйбалар көптөн бери жүргүзүлөрүн, куралдар өзөктүк сыноолорсуз жаңы технологиянын жардамы менен сыналарын айтып келишет.
CNN ошол эле учурда быйыл январда өзөктүк алаамат коркунучун көрсөтүп, символдуу түрдө жасалган "Кыямат сааты" он секундга алдыга жылдырылганын эскертүүдө. Жебени жылдырууга Орусиянын Украинага кол салышы жана өзөктүк курал колдонуу коркунучу себеп болгон.
Өзөктүк алааматка карай символдуу түрдө убакытсаноо 1947-жылдан бери иштеп келатат. Бул убакытта "саат жебелери" жыйырмадан ашуун жолу жылдырылган. Ушундай эле убакыт 1953-жылы биринчи жолу суутек бомбасы сыналганда белгиленген.
"Кыямат сааты" артка да жылат. 1991-жылы сааттын жебеси "кансыз согуштун" бүткөнүнө байланыштуу артка жылган. Ал мезгилде адамзатын өзөктүк алаамат түнүнөн 17 мүнөт бөлүп турган. Бул "Кыямат саатындагы" эң узак убакыт.
Дагы караңыз
Балбан Жоламан Шаршенбеков эки жолку Дүйнө чемпиону болдуБалбан Амантур Исмаилов Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭне тилди сыйлоо айкөлдүктү жана эгемендикти сыйлоону да талап кылатТил саясаты: Бишкектин чечими, Кремлдин таасири