Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Эне тилди сыйлоо айкөлдүктү жана эгемендикти сыйлоону да талап кылат


Кыргызстандагы "Кыргыз тили" сабагынын окуу китептери.
Кыргызстандагы "Кыргыз тили" сабагынын окуу китептери.

Айрым замандаштарыбыз кыргыз тилин эне тил катары аздектөөнү Кыргыз мамлекетинин эгемендигин чыңдоо милдеттеринен ажыратып, бир беткей аңдап алган учурлар бар. Алар “Манас” эпосундагы “Кулаалы таптап куш кылдым...” сөзүн бир тараптуу түшүнүп алышкандай. Тарыхчынын блогу.

Чабан спикердин мыкты атуулдук иши

Кыргыз улутунун тарыхында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 11-чакырылышы өз ишмердиги боюнча дээрлик белгисиз бойдон калгандай сезилчү.

Бирок дал ушул чакырылыштын депутаттары 1989-жылы 23-сентябрда мурда түшкө да кирбегендей зор секирикти жүзөгө ашырышкан.

Андан бир эле жыл мурда, 1988-жылы, залкар жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков жана башка айдыңдарды баш кылып, Кыргызстанда “кош тилдүүлүк” урааны менен кыргыз тилинин расмий макамына жетишүү үчүн коомдук демилгелер көтөрүлгөн. Бул оңой иш эмес эле, себеби жумуриятта “кош тилдүүлүккө” да каршы болуп, Кыргызстанда орус тили гана башкы ролду сакташы керек, деген орус тилдүү шовинист саясатчылар жана айдыңдар да арбын болчу.

Алардын бири – Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин профессору, тарыхчы Вольтраут Фрицевна Шелике деген немис тектүү коммунист эжекебиз болгон. Студент кезимде Шелике эжекенин философиялык ийримине катышып жүрдүм. Ал мыкты интернационалист сезилген. Бирок дал ошол 1988-жылы ал өзү да байкабастан орусиялык шовинисттердин камчысын чаап туруп алган.

Ага каршы сын макаламды Маскөөдөгү ал бир беткей макаласын жарыялаган “Правда” гезитине аспирант кезимде мен да жазып көрдүм. Бирок бул макаламды “Правда” гезити жарыялабай койгон. Ал эми кыргызча басылмаларга кыргыз тилинин макамын чыңдоо боюнча макалаларым үзбөй чыгып турду.

Анан... Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 11-чакырылышынын депутаттары чоң эрдик жасап жатышпайбы! Ал кезде Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы – Таштанбек Акматов агай болчу.

“Чабанды спикер кылды” деп, эмгектин алдыңкысы болгон, эки жолу “Социалисттик эмгектин баатыры” наамын алган бул агайыбыздын советтик Кыргызстандагы ансыз да Компартиянын “кол баласы” болгон парламентти башкарып калгандыгына ызаланган учурларыбызды жашыра албайбыз.

Бирок дал ушул парламент, дал ушул спикер 1989-жылы 23-сентябрда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды кабыл алып, тарыхта жакшы ат менен калды.

Албетте, азыр “бул мыйзамдын көмүскө автору мен болчумун” деген далай эскерүүлөрдү окуй калып жүрөбүз, алардын да чындыгы бардыр. Кандай болсо да, бул мыйзамга макул деп добуш берген жана каршы добуш берген депутаттардын ысымдарын тарыхый тактык үчүн ачык жарыялоо зарыл деп санайм.

Молдованын өрнөгү

Албетте, Советтер Биримдигинин күүгүмү кирип келген чакта, “Кайра куруулар” доорунда, өзүнүн мамлекеттик тилин тастыктап алган жумурият катары Кыргызстан жалгыз эмес болчу.

Маселен, эгемен Молдовадагы мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алыныш кезеңин алалык.

1989-жылы 31-августта Молдова ССРинин Жогорку Кеңеши жалгыз молдован тилин гана мамлекеттик тил катары жарыялаган мыйзамды кабыл алды.

Молдовада орус тили этностор аралык баарлашуу тили макамын гана алды.

(Кыргызстанда бул сыяктуу мыйзам Молдовадагы мыйзам кабыл алынгандан 24 күн өткөн соң, 23-сентябрда кабыл алынган эмеспи). Бул жагын да эске алуу керек.

Демек, тил мыйзамынын кабыл алынышын РСФСРден башка жумурияттардагы советтик империялык борбордон качуу жүрүмүнүн ажырагыс бир өңүтү катары да кабыл алуу керек.

Компартиядагы жик

Ошол 1989-жылдагы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин жетекчилигин (Биринчи катчы – Абсамат Масалиев) ар дайым “Кремлге кылчактай берчү” деп сындап келебиз.

Бирок дал ошол 1989-жылдын башында кыргыз коммунист жетекчилери тээ 1930-жылдары жазыксыз репрессияланган айрым чыгаан бабаларыбызды актоо жүрүмүн башташкан, дал ошол 1989-жылы Кыргызстанда “Ашар” козголушу жана башка коомдук, бейөкмөт уюмдардын түзүлүшүнө жол берилген (албетте, бул окуя да антикоммунисттик элдик күрөштүн кубаттуу эпкини менен жүзөгө ашырылган).

Дал ошол 1989-жылы кыргызстандык коммунисттердин жана комсомол уюмунун мүчөлөрүнүн арасынан да реформачыл канат өзүнчө иргелип чыга баштаган.

Владимир Рябоконь деген “келгин” саясатчы (азыр ал 85 жашта) 1985-жылдын 12-декабрынан 1989-жылдын 16-январына чейин Кыргыз ССРинин КГБсын жетектеген.

Ал 1938-жылы Украинанын Кривой Рог шаарында украиндин үй-бүлөсүндө туулган. 1988-жылы Ош шайлоо чөлкөмүнөн СССР Жогорку Кеңешинин Улуттар Кеңешине депутат болуп шайланган.

Рябокондун тушунда, 1987-жылы (б.а. Алматыдагы 1986-жылдын декабрындагы “Желтоксан окуяларынын” илеби менен), этнограф Сабыр Аттокуров сыяктуу бир катар кыргыз айдыңдары “улутчул” деген жалаага калып, жазыксыз куугунтукталган.

1988-жылы кыргыз саясатчысы Абдыразак Кадырмамат уулу Султанов (ал кездеги Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин бөлүм башчысы) дал ошол тымызын "лөк", жумурияттын КГБсынын башчысы, генерал Рябоконду жемкорлугу үчүн далилдүү факттар менен сындап чыккан.

(Эгемендик доорунда бул маркум кыргыз саясатчысынын эмгеги эске алынып, Ош облусунун Алай районунун борбору Гүлчө шаарчасында жайгашкан лицей-мектеп интернат Абдыразак Кадырмамат уулунун атында аталып калды).

А.К.Султановдун ачык сыны акыры Рябоконду 1989-жылы 16-январда “ээрден алып түшүргөндүгү” да коомчулуктун эсинде калды. Рябокондун ордуна теги кыргыз Жумабек Асанкулов (1927—2007) Кыргызстандын КГБсын жетектеп калган. Эне тилин мыкты билген бул инсан, албетте, кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамын алуусуна оң көз карашта болгондугу шексиз.

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Абсамат Масалиев жана башка анын үзөңгүлөштөрү да кыргыз тилинин расмий макамын чыңдоого зор салым кошконун айтуу абзел.

Ала-тоолук айдыңдар, депутаттар, басылмалар, уюмдар эне тилди колдошкон

Ошол 1989-жылы “Ала-Тоо” журналы, “Кыргызстан маданияты” апталык басылмасы, “Советтик Кыргызстан”, “Ленинчил жаш”, “Мугалимдер газетасы” сыяктуу гезиттер да, Чыңгыз Айтматов жетектеген Кыргызстан Жазуучулар Биримдиги сыяктуу коомдук уюмдар да эне тилдин макамын чыңдоого өз салымдарын кошкон.

Айтмакчы, 1989-жылы 3-июнда Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты уюмунун уюштуруу жыйыны Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин жыйын залында (азыркы Жогорку Соттун имаратынын 2-кабатында) кыргыз тилинде өткөрүлгөн.

(Жыйындын жүрүшүн кыргыз тилинен орус тилине синхрондук котормо усулу аркылуу тынымсыз которгон тарыхчы студенттер Арслан Капай уулу Койчиев, Алмаз Кулматов жана Акчолпон Койчуева болгонун бул жолу да эскере кетейин).

Жаш тарыхчыларга эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков, кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай кыргыз тилинде ак баталарын беришкен. Жыйын өткөрүүгө уруксат кылуу аркылуу да ал кезде Маскөөдө жүргөн Чыңгыз Айтматов тилектештигин билдирген деп айта алабыз.

Ал кезде айрым элеттик жыйындарда бир орус киши катышса деле жыйындагы калган 99 катышуучу орус тилинде сүйлөп чогулуш өткөргөн учурлар өнөкөткө айланган болчу. Орусча акцент менен сүйлөгөн кыргыздар "экинчи сорттогудай" кабыл алынышкан.

Чүйдө айрым кыштактарда 100 пайыз кыргыздар жашаса да, жалгыз орто мектебин орус тилдүү мектеп кылып алгандар бар эле.

Бишкекте бир троллейбус айдоочу кийинки токтоочу аялдаманын аталышын кыргызча жарыялап койгондугу үчүн кызматынан алынган учур да болгон.

Демек, коомдук жайларда кыргыз тили анча көп колдонулбай, кодуланып келгендиги чын.

Ошондуктан Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 11-чакырылышынын депутаттарынын кыргыз тилинин макамына карата 1989-жылдын 23-сентябрында берген добуштарын ачык тизмелеп жарыялоо – тарыхый акыйкаттык, деген оюбузду дагы бир жолу кайталагыбыз келет.

Бул сунушту эмне үчүн кайталап жатам?

Жакында өзүм урматтаган бир журналист иним интернеттин коомдук тармактарынын биринде Камбаралы Бобулов, Төлөгөн Касымбеков, Казат Акматов, Мар Байжиев агайларды “Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды” кабыл алууга катышкан депутаттар катары санап кетиптир.

Менин билишимче, бул төрт чыгаан инсан – Жогорку Кеңештин акыркы, 12-чакырылышынын өкүлдөрү.

"Кайра куруулар" доорунун шарапаты менен Камбаралы Бобулов, Төлөгөн Касымбеков, Казат Акматов, Мар Байжиев сыяктуу көп айдыңдар Жогорку Кеңешке келген бул даңазалуу 12-чакырылыштын курамы 1990-жылдын 4-мартында шайланып, 1990-жылдын 10-апрелинен 1994-жылдын августунун акырына чейин иш алып барган.

Бул чакырылышты мурдагы президент А.Акаев 1994-жылы сентябрдын башында жасалма түрдө "шал" кылып, анан жарлык менен жоюп салган. Акаевдин кадамы Башмыйзамга каршы болчу, бирок "алтын чатагын" жана өзүнө каршы импичмент коркунучун басуу үчүн анда "башка арга" калган эмес.

(Караңыз: Акунов, Аалыбек. Кыргызстан эгемендик доорунда (1991–2021) / Жооптуу ред. проф. Т.К.Чоротегин. – 2-бас, тол. ж-а оңд. – Бишкек, “Калем” басмасы, 2021. – 1040 бет, жадыбал., сүрөт., карталар).

Курама жыйып журт кылып...

Бирок азыркы кезде кыргыз тилинин макамын андан ары чыңдоо эгемен Кыргызстандын улуттук жана этностор аралык биримдигин бекемдөө менен тыгыз байланыштуу.

Эне тилди чала билгендерди сындоого болот, сындоо деле керек, "тил үйрөн" деп аларды үгүттөө зарыл, бирок аларды кодулоого эч качан жол бербешибиз ылаазым.

“Манас” эпосундагы “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” деген осуят сөз XXI кылымдагы жана андан кийинки жаркын болочогубуздагы кыргыз улуту улам кеңейе берчү жүрүмдүн башкы урааны болуп калышы керек.

Кыргызча мыкты билген ар кыл кесиптин ээлери өз эне тилибизде санариптик, интернеттик байлыкты улам жаңы илеп менен арбыта беришибиз – замана талабы.

Бир мисал келтирейин. “Кыргыз тилине латын, кирил же жазма керекпи?” деген суроого жантыгынан жата калып оң же каршы жооп узаткан замандаштарыбыз толтура.

Блогер Бахтияр Шаршеев. Түркия. 05.2.2021.
Блогер Бахтияр Шаршеев. Түркия. 05.2.2021.

Ал эми Түркияда эмгектенип жаткан Бахтияр Шаршеев деген инибиз бул үч алфавит тең татынакай эле иштеген орток интернет барагын ачып койду.

"Эгерде латын арибине көчсөк, анда кирил жазмасындагы чыгармаларды эч ким окуй албай калбайбы?" деп кара күчкө салып каныйлагандар өз чыгармасын жиберсинчи, Бахтияр иним көз ачып-жумгуча ал чыгарманын кирил жазмасындагы текстин кыргыздын латын жана арап алфавиттерине оодарып коё алат (албетте, бул жеп-жеңил амал компүтердик программанын көмөгү менен жасалат).

2000-жылдардын башында Эркин Истемесов деген бишкектик инибиз “Азаттык” үналгысына ушундай чакан программа түзүп берген. Анын көмөгү менен Түркиядан текстти кыргыз тилинде латын арибинде терип жөнөткөн Аким Өзгөн (1953–2017) агайыбыздын макалаларын жарым секундда эле кыргызча кирил вариантына оодарып алчубуз.

Бул эки иним тең кыргызча да сүйлөшөт, англис, орус тилдеринде кыйла эркинирээк сүйлөшөт. Алардын адистик билими үчүн алкыш айтып, анан аларды “кыргызча шар сүйлөй албайт экенсиңер” деп жерип салыш – эч качан акыйкаттыкка жатпайт, эки жүздүүлүк болуп калат.

Албетте, кыргызча сүйлөгөндү талап кылуунун өзүн “крокодилдик мамиле” деп келекелеп-кемсинтүүнүн өзү да таптакыр туура эмес, бирок кыргыз улутунун жана мамлекетинин кызыкчылыктарына төп иштеп жаткан кыргыз тегиндеги жана башка ар кыл этностордон куралган мекендештерибизди боорубузга тартуубуз абзел.

Муну спорт чөйрөсүндө жакшы далилдеп келишет. Теги башка далай мекендештерибиз дүйнөлүк жана азиялык чемпионаттарда Кыргызстанга алтын медал алып келип, Кыргыз туусун желбиретип жатышат.

Ал эми Олимпиадада жеңишке жетише албаса да, алатоолук спортчунун Олимпиадага катышууга талапкер болуп катталышы дагы Кыргызстанды тийешелүү жылдагы олимпиаданын тарыхына катыштыгы бар өлкөлөрдүн катарына чыгарат. Мисалы, суучул Денис Петрашов эми Айсулуу Тыныбекова жана башка балбандарыбыз сыяктуу эле 2024-жылы Парижде болчу Олимпиадага жолдомо алды.

Теги казак дзюдо балбаны Айдын Кудайберген уулу Смагулов 2000-жылы Сиднейдеги Олимпиадада Кыргызстанга коло медал алып бергени жадыбызда (совет доорундагы жаркын мисалдарды айтпай эле коёлу).

Демек, кыргыздын бир бөлүгүн "киргиз" деп өзүбүз жеригенибиз жана Кыргызстанды даңазалоого салым кошкон этностук теги бөлөк мекендештерибизди боорубуздан четке түрткөнүбүз таптакыр туура эмес деп эсептейм.

Батышта жана Чыгышта канчалаган улуттардын (маселен, түрк, жөөт, арап, орус, армян, монгол ж.б. элдердин) ар кыл диаспоралык топтору бар.

Алардын өз эне тилин унуткан бөлүктөрү деле тарыхый бурулуш учурларда өз тарыхый мекенине эч ким күтпөгөн жерден олуттуу салым кошкон учурлар арбын.

"Кой аксагы менен миң" деген накыл кеп бар. Биригели, ар улутташты жана мекендешти ынтымакка чакыралы, өлкөбүздү жалпылап өнүктүрө берели, ошондо бизге башка этностордон бери андан ары тартыла беришет.

Кызыктуу мисал айта кетейин: бир теги орус жердешибиз Александр Иванов мырза азыркы тапта Чехияда байырлап келет. Ал чыгаан акын Түмөнбай Байзаковдун "Кыргыз жери" ырын чех тилине которгон экен!

Менимче, бул кадамы менен Александр Иванов дагы кыргыз тилин даңазалоого жана жайылтууга жекече салым кошо алды.

“Манас” эпосундагы баатыр Алмамбеттин, сөздүкчү Константин Юдахин, музыка таануучу Виктор Виноградов менен Александр Затаевич, синолог Галина Супруненко, археолог Юлий Худяков, этнограф Саул Абрамзон, айкелчи Теодор Герцен, көзү тирүү кыргыз таануучу Мухаммед Ху Чжэнхуа жана башка этностук теги бөлөк болгон айдыңдардын жаратмандык нугу азыркы тапта да ар кыл тармактарда байсалдуу улантылып жатат.

Ал эми кыргызча таптаза сүйлөп туруп, өлкөбүздү падышалык, советтик же "неорашалык" оторчулукка кайра кайтаргысы келген маңкурттар деле бар эмеспи.

Кыргыз тилине чындап күйгүсү келгендер Кыргыз Республикасынын эгемендигин сактап калуу жана чыңдоо үчүн дагы ар дайым көп этностуу кырдаалды акыл калчап баамдап, кылымдарды алдын ала баалай алчу көрөгөч даанышмандарча ишмердик жүргүзүшү абзел.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG