Камактагы Мадумаров ИИМде дагы бир иш боюнча беш сааттай сурак берди

Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 23-сентябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкы башкармалыгында беш сааттай сурак берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчынын адвокаты Майрамбек Жумабеков билдирди.

Анын сөзүнө караганда, буга чейин Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган.

“Адахан Мадумаров “андан бери сегиз жыл өтүптүр. Мен эч нерсени билбейм. Биздин партия акча чогултпайт. Талапкерлерден акча чогултуу партиянын уставында да жок” деп айтты”, - деди Майрамбек Жумабеков.

Ички иштер министрлиги жазылган арыз жана Адахан Мадумаровдун суракка алынышы тууралуу маалымат бере элек.

Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармап кеткен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Адахан Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган. (BTo)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров Казакстанда чек арадан жүк өткөрүү маселесин көтөрдүКанат Сагымбаев УКМКга баарлашууга барып келгенин айттыБуданов Севастополдо орус генералдары жараат алганын билдирдиБашкы прокуратура Рустам Абдрасулов кармалганын ырастадыМурдагы аялын бычактаган деген шектүү эки айга камалдыСадыр Жапаров документтер кыргыз тилинде жазылышы керектигин айтты