Башкы прокуратура Тергөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы Рустам Абдрасулов кармалганын ырастады.
Мекеме 23-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, 21-сентябрда кылмыш иштер боюнча келтирилген зыяндын эсебине түшкөн каражатты инвентаризациялоодо Рустам Абдрасуловдо көп суммада акча жетпей калганы аныкталган. Ошол эле күнү Аскер прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп Рустам Абдрасулов кармалган.
Башкы прокуратура ал акчаны кайра толугу менен кайтарганын, каражат жеке адамга таандык болгонун, мамлекетке зыян келтирилбегенин кошумчалады. Тергөө аракеттери улантылууда.
22-сентябрда бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жеке булактарына шилтеме берип Рустам Абдрасулов Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына (гауптвахта) кармалганын жазган. (BTo)