Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында адам өлүмү менен аяктаган калайман мушташ боюнча 26, 35 жана 69 жаштагы үч киши кармалып, убактылуу тергөө жайына камакка алынды. Алардын баары тең Жаңы-Жер айылынын тургундары.
Бул тууралуу 23-сентябрда “Азаттыкка” Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеме окуяга тиешеси бар айылдын дагы эки тургунуна - Курбангаджи Абдуллаев менен Магомед-Эмин Даудовго издөө жарыяланганын билдирди.
“Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ок атуучу курал колдонулганы аныкталды. Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн 30дан ашык адам Сокулук райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, суракка алынган”, - деп айтылат маалыматта.
22-сентябрда Жаңы-Жер айылында болгон калайман мушташ маалында атылган октон 69 жаштагы бир киши каза тапкан. Ок тийген дагы бир 37 жаштагы адам ооруканага түшкөн.
Маалымат боюнча, 21-сентябрда балдар спорт залда уруша кеткен. 22-сентябрда алардын ата-энелеринин ортосунда чыр чыгып, уруш массалык мушташка айланган. Ошол маалда балдардын биринин атасы ок чыгарып, андан 69 жаштагы киши каза болгон. (BTo)
Дагы караңыз
Мурдагы аялын бычактаган деген шектүү эки айга камалдыКыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна 34 жыл болдуБалбан Акжол Махмудов - эки жолку Дүйнө чемпионуӨзбекстанда 70тен көп бала ууланган деген шек менен ооруканага түштү
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. (BTo)