Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:45

Өзбекстанда 70тен көп бала ууланган деген шек менен ооруканага түштү


Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

22-сентябрда Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Наманган облусунда ууланган деген шек менен ооруканага түшкөн балдардын абалы канааттандырарлык. Өздөрүн жакшы сезген он бала үйүнө чыгарылды.

«Райондук ооруканага жаткырылган балдардын баары белгиленген стандарттар боюнча дарылануудан өтүшөт. Диагнозду так аныктоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп жатат» - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Министрлик балдар эмнеден ууланганын тактаган жок. Социалдык тармактарда бала бакчанын тарбиялануучулары "йод же башка бир медициналык препаратка ууланышы мүмкүн" деген божомолдор тарап жатат.

Наманган облусуна караштуу Чуст районунда уулануу деген шек менен 70тен көп бала ооруканага түшкөнүн 21-сентябрда Саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Аброрбек Алижонов билдирген. Алар райондогу тогуз бала бакчанын тарбиялануучулары жана эки орто мектептин окуучулары.

Башкы прокуратурага буга байланыштуу иликтөө баштады.

XS
SM
MD
LG