Мурдагы аялын бычактаган деген шектүү эки айга камалды

Кармалган шектүү.

Сокулук районунун Селекция айылында мурдагы аялын бычактаган деген шек менен кармалган адам 20-ноябрга чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды. Тиешелүү токтомду 22-сентябрда Чүйдүн Сокулук райондук соту чыгарганын Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

20-сентябрда Селекция айылында 36 жаштагы аял бычакталып, кулак-мурду, бети кескиленип ооруканага түшкөн. Буга шектүү катары келиндин мурдагы күйөөсү 39 жаштагы (А.Э.) адам кармалган.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов келинге сегиз сааттык операция жасалганын, абалы орточо оор экенин билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Денеге оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат.

Бычакталган келин күйөөсү менен ажырашып, андан бери эки ирет анын зомбулугунан улам милицияга кайрылганы, сотто аял бир жолу тосмо арыз берип иш кыскартылганы белгилүү болгон. Экинчи ирет Сокулук райондук соту айыпталуучуну пробацияга чыгарган.

Социалдык тармактын колдонуучулары мурдагы аялын бычактаган кишиге катаал жаза берүүнү талап кылып жатышат. Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму кыргыз бийлигин үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууга кескин чараларды көрүүгө чакырды. (BTo)

Дагы караңыз

Жаңы-Жердеги окуя боюнча эки адамга издөө жарыяландыКыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна 34 жыл болдуБалбан Акжол Махмудов - эки жолку Дүйнө чемпионуӨзбекстанда 70тен көп бала ууланган деген шек менен ооруканага түштүУкраина: «Орусия» менен «Москваны» кичине тамга менен жазууга расмий уруксат берилди