Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында адам өлтүрүүгө шектүү 39 жана 44 жаштагы эки адамга издөө жарыяланды. Бул тууралуу 23-сентябрда “Азаттыкка” Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
22-сентябрда Жаңы-Жер айылында болгон калайман мушташ маалында атылган октон 69 жаштагы бир киши каза тапкан. Ок тийген дагы бир 37 жаштагы адам ооруканага түшкөн.
Маалымат боюнча, 21-сентябрда балдар спорт залда уруша кеткен. 22-сентябрда алардын ата-энелеринин ортосунда чыр чыгып, уруш массалык мушташка айланган. Ошол маалда балдардын биринин атасы ок чыгарып, андан 69 жаштагы киши каза болгон.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. (BTo)
Дагы караңыз
Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна 34 жыл болдуБалбан Акжол Махмудов - эки жолку Дүйнө чемпионуӨзбекстанда 70тен көп бала ууланган деген шек менен ооруканага түштүСокулуктун Жаңы-Жер айылындагы калайман мушташта бир киши набыт болду