Украина: «Орусия» менен «Москваны» кичине тамга менен жазууга расмий уруксат берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Украин тилинин стандарттары боюнча улуттук комиссия «Орусия», «Орусия Федерациясы», «Орус империясы», «Москва» сыяктуу сөздөрдү кичине тамга менен жазууга уруксат берди. Бул тууралуу маалымат комиссиянын сайтына чыкты.

Комиссия азырынча бейрасмий гана тексттерде кичине тамга менен жазууга уруксат берилгенин тактады. Чечим Украинанын Улуттук илимдер академиясына караштуу Украин тили институту жана Потебни атындагы тил таануу институту менен кеңешкенден кийин кабыл алынган.

8-сентябрда бул багыттагы украиндердин аракеттерин формалдаштыруу сунушу менен вице-премьер-министр Ирина Верещук чыккан.

Былтыр Орусия Украинана басып кирип, согуш ачкандан кийин бир катар украин маалымат каражаттары жана социалдык тармактын колдонууулары "Орусия" деген сөздү баш тамга менен жазуудан баш тартышкан.

Дагы караңыз

"C5+1": лидерлеринин билдирүүсүндө энергетикалык коопсуздукка көңүл бурулат Аннексияланган Севастополдогу Кара деңиз флотунун штабына сокку урулду Еревандагы нааразылык акциясында ондогон киши кармалды