Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:30

Еревандагы нааразылык акциясында ондогон киши кармалды


Полиция өкүлдөрү Ереванда өкмөткө каршы митингдин катышуучусун кармап баратат. 22-сентябрь, 2023-жыл.
Полиция өкүлдөрү Ереванда өкмөткө каршы митингдин катышуучусун кармап баратат. 22-сентябрь, 2023-жыл.

22-сентябрда Армениянын баш калаасы Ереванда өткөн нааразылык акциясында 80ден көп киши кармалды. Бул тууралуу полиция билдирди. Оппозиция 350дөн көп киши кармалганын кабарлап жатат. Демонстранттар өкмөт башчы Никол Пашияндын кызматтан кетишин талап кылууда. Алар өкмөт үйүнүн эшиктерин бөгөттөп, депутаттарды жана аткаминерлерди киргизбегенге аракет кылышты.

Кармалгандардын арасында Армениянын экинчи президентинин уулу Левон Кочарян дагы бар. Анын адвокаты билдиргендей, Кочарянды кармоо учурунда полиция ур-токмокко алган. Ал учурда ооруканада. Ошондой эле оппозиция лидерлеринин бири, депутат Андраник Теванян дагы кармалган. Ал көп өтпөй бошотулду.

Ереванда толкундоолор төрт күндөн бери уланууда. Алар жикчил Тоолуу Карабактын де-факто бийлиги Азербайжандын шарттарына баш ийип, капитуляцияга макул болгондон кийин башталган. Акциянын катышуучуларынын эсебинде, Никол Пашинян жикчил аймактагы этностук армяндарды коргоо үчүн жетиштүү чара көргөн жок.

Нааразылык акциясына бир катар жогорку окуу жайлардын студенттери жана мугалимдери да кошулду.

XS
SM
MD
LG