Депутаттар Селекциядагы сестенткен окуяны талкуулады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Селекция айылында мурдагы күйөөсү бычактаган 36 жаштагы келин 8 саат операциядан кийин өзүнө келди. Милиция кылмышка шектүү буга чейин дагы зомбулук үчүн айыпталып, сот чечими менен пробацияга чыкканын ырастайт. Бул окуя аялдар кабылган зордук-зомбулук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды.