Ат-Башы, Араван, Ноокендин борборуна шаар макамын берүү сунушталды

Ат-Башы айылы

Жогорку Кеңештин 20-сентябрдагы жыйынында бир нече депутат Ат-Башы, Араван, Ноокен райондорунун борборлорундагы айылдарга шаар макамын берүү маселесин көтөрдү. Депутат Улан Бакасов Ат-Башы район борборундагы эки айылды кошуп шаар кылууну сунуштады.

“Ат-Башы районунун борборундагы айылда 14 миң 700 калкы бар. Жанындагы Ак-Жар айылында беш миң жети жүз киши жашайт. Экөөнү кошуп шаарга айлантсак болобу? Ошого жардам бериңиз”, - деди депутат.

Депутаттар Мейкинбек Абдалиев Ноокендин борборунда 27 миң киши жашай турганын, Жалолидин Нурбаев Араван районунун борборуна шаар макамын алууга даярдык башталганын билдирди.

Жыйынга катышып жаткан мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Мурат Байдылдаев маселени карап көрүүгө убада кылды.

Сессияда айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат. Жыйында аймактык реформа жөнүндө дагы маалымат берилди.

Буга чейин аймактык реформанын жыйынтыгында Нарындагы 63 айыл өкмөтү 27ге чейин кыскарган. Ысык-Көл облусунун Түп району дагы пилоттук долбоор катары тандалып алынган. Райондогу 13 айыл өкмөтү бешке чейин кыскартылганы айтылган.

Кыргызстанда республикалык маанидеги эки чоң калаа (Бишкек менен Ош), облустук, райондук деңгээлдеги отуздан ашуун шаар бар. (TSh)

Дагы караңыз

Өкмөт буудайды экспорттоого тыюу салууну караштырууда