Тоолуу Карабактын дүйнө коомчулугу тааныбаган башчылары Бакуга сүйлөшүүнү сунуштады

Тоолуу Карабак.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактын жетекчилиги Азербайжан бийлигине кагылышууну токтотуу үчүн сүйлөшүү баштоону сунуштаганын аймактын бирдиктүү маалымат борбору кабарлады. Ушундай эле маалыматты "Интерфакс" агенттиги да жазды.

Ал арада Тоолуу Карабакта эки адамдын өмүрү кыйылганын, 23ү жараат алганын аймактын омбудсмени Гегам Степанянга шилтеме жасап BBC жазды.

19-сентябрда Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабак аймагында "антитеррордук операция" баштаганын жарыялаган. Расмий билдирүүдө анын максаты "конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү" экени белгиленген.

Мунун алдында Хожавенд районунда курулуп жаткан туннелдин жолунда Ички иштер министрлигинин автоунаасы минага жарылып, күч кызматкерлери каза болгону кабарланган. Азербайжан тарап муну армян диверсанттык тобунан көргөн.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян түз эфирге чыгып, Тоолуу Карабакта армян аскерлери жок экенин билдирди. Meduza Пашинян Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырганын жазды. Ал арада Ереванда өкмөткө нааразылык акциялары өтүп жатканын бир канча Телеграм каналдарда кабарланды.

Дагы караңыз

Тоолуу Карабакта ок атышуу токтодуПарламенттин эки депутаты абактагы Мадумаров менен жолугуп чыгышты "Демократиясыз эле жашаганбыз". Кененсаровдун келегей кеби