Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев менен Эмилбек Токтошев 19-сентябрда оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын абакта отурган лидери, депутат Адахан Мадумаровдон кабар алып чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Акаев билдирди.
“Жолугушууга бир саат убакыт беришти. Мадумаров кармалып жаткан камерага чейин кирип чыктык. Мыйзамсыз кармалганын айтып, сотто актыгын далилдейм деп жатат. Жогорку Кеңеш аны “кызмат абалынан аша чабуу” беренеси менен суракка алууга уруксат берген. Кийин Мадумаровду “чыккынчылыкка” айыптап, кармашты. Ал өзү муну мыйзамсыз кадам деп баалады”, - деди Акаев.
ИИМ 2-сентябрда камакка алынган Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") менен айып коюлганын билдирген. Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын ошол эле күнү карап, 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.
Адвокаттар буга каршы шаардык сотко даттанышкан. 13-сентябрда Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган.
Башкы прокуратура парламенттен 22-июнда Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга макулдук алган. Анда “бийликтен аша чабуу” деген берене менен айып коюлган. Башкы көзөмөл органынынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.
Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.
Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп 2008-2009-жылы бир жыл иштеген. Ошол маалда Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Сөз болгон протоколго байланыштуу ал былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.
Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.