Байден АКШ-Борбор Азия саммитин "тарыхый учур" деп сыпаттады

Нью-Йоркто өткөн C5+1 саммиттинен тартылган сүрөт.

19-сентябрда Нью-Йоркто АКШнын президенти Жо Байден Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери менен катышкан биринчи саммитти "тарыхый учур" деп мүнөздөдү.

“Борбор Азия жана Кошмо Штаттардын бир топ жылдык тыгыз кызматташтыгы биздин жалпы баалуулуктарга – эгемендикти, көз карандысыздыкты, аймактык бүтүндүктү туу тутууга негизделген. Азыр бул принциптер баштагыдан да баалуу. Бүгүн кызматташтыгыбызды жаңы бийиктикке чыгарып жатабыз”, - деди америкалык лидер.

“Биринчиден, биз контртеррордук кызматташтыгыбызды бекемдеп жатабыз. Анын ичинде Борбор Азияга АКШнын коопсуздук тармагындагы каржылоосун көбөйтүү маселеси бар. Мисалы, дипломатиялык аракеттерибизди бекемдөө жана өнүгүү максаттары үчүн жеке секторубузду жакшыраак байланыштыруу үчүн жаңы бизнес платформасын түзүп жатабыз. Ошондой эле биз алдыдагы жылдарда энергетикалык коопсуздугубузду жана камсыздоо булактарын күчтөндүрүү үчүн зарыл минералдык ресурстар тууралуу жаңы диалог куруу потенциалын талкуулап жатабыз. Үчүнчүдөн, биз майыптардын укугу боюнча жаңы демилге баштаганы турабыз” - деди Байден.

C5+1 форматындагы саммитте аймактагы коопсуздук, соода жана байланыш, климаттын өзгөрүүсү боюнча көйгөйлөр талкууланары, ар бир өлкөдөгү башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн жакшыртууга багытталган реформаларга басым жасалары мурда кабарланган.

Саммиттин алдында Human Rights Watch эл аралык уюму АКШ президенти Жо Байденге кайрылып, Борбор Азия президенттери менен жолугушууда адам укуктары, сөз эркиндиги, жарандык коомду колдоо маселелерин кабыргасынан коюу зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров саммитке жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясына катышуу үчүн АКШга 18-сентябрда барган.

Вашингтон Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган. Стратегиялык кызматташтык келишимине 1993-жылы 19-майда АКШда кол коюлган.

2015-жылдын 21-июлунда кыргыз бийлиги стратегиялык келишимден бир тараптуу чыгып кеткен. Ага АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин камалган укук коргоочу Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” сыйлык тапшырганы себеп болгон.

Азырынча Вашингтон менен Бишкек жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын гана белгилеп келет.

Дагы караңыз

Байден БУУнун Башкы ассамблеясында дүйнөнү биримдикке чакырдыМурдагы милиция башчысы Уланбек Аалиев акталып, кылмыш иши кыскартылды Тоолуу Карабактын дүйнө коомчулугу тааныбаган башчылары Бакуга сүйлөшүүнү сунуштады