Каримованын акчасынын бир бөлүгү балдарга жумшалат

Гүлнара Каримова

Uzbekistan Vision 2030 фонду БУУнун жаңы программасын каржылоо үчүн 43,5 миллион доллар бөлдү.

Ал Өзбекстанда энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн кыскартууга багытталганы БУУнун Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн сайтында маалымдалды.

Uzbekistan Vision 2030 фонду 2022-жылы Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримованын Швейцариядан конфискацияланган активдерин кайтаруу үчүн түзүлгөн.

Былтыр августта Өзбекстан менен Швейцария 131 миллион долларды аталган фонд аркылуу кайтаруу келишимине кол койгон. Бул активдер өзбек өкмөтүнүн реформаларын ишке ашырууну тездетүүгө жана өлкөдө БУУнун Туруктуу өнүгүүгө багытталган программаларын каржылоо үчүн жумшалат.

“БУУнун бул программасы бүткүл өлкө боюнча 30 ай ичинде 600 миң аялды жана жаңы төрөлгөн балдарды камтыйт”, - деди БУУнун Өзбекстандагы туруктуу координатору Консуэло Видал-Брус.

Мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова Ташкент облусундагы түрмөдө отурат. Ага "Опузалап мүлктү менчиктеп алуу", "Ысырап кылуу", "Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо" беренелери менен айып коюлган. Каримова 2020-жылы 18-мартта 13 жыл, төрт айга эркинен ажыратылган.

Дагы караңыз

УКМК "АЮ" ээлик кылган 4,1 гектар жер мамлекетке өткөнүн билдирдиМамлекеттик символдорду туура эмес колдонгондорго чара көрүү сунушталдыБар тарыхты баалай албайбыз. Таш-Рабаттан кийинки ой