Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

УКМК "АЮ" ээлик кылган 4,1 гектар жер мамлекетке өткөнүн билдирди


Мурдагы “Кыргыз камволдук-нооту комбинатынын” (“ККНК”) жеке колго мыйзамсыз өтүп кеткен 4,1 гектар жери жана мүлкү мамлекетке өткөрүлүп берилгенин 19-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, "АЮ” холдингинин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун адамдары “ККНКны” “Битекс Компани” деп кайра каттаткандан кийин комбинатка таандык жер тилкесине ээлик кылуу укугун алышкан.

“Тергөөнүн жыйынтыгынын жана алынган далилдердин негизинде “ККНКнын” мүлкү 4,1 га жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды”, - деп билдирди атайын кызмат.

УКМКнын маалыматына караганда, 1997-жылы “ККНК” Жапония өкмөтүнөн жана Германиянын KFW банкынан эки техникалык насыя (жабдык) алган. Бул үчүн кредитор катары Каржы министрлиги комбинат менен 916 дойчмарка жана 5 миллиондон ашуун акчага карыздык милдеттенме түзгөн.

2014-жылы Абдыкеримовдун адамдары “ККНКнын” жана Токмоктогу “Касиет” ишканасынын акцияларынын контролдук пакетине ээ болушканы, ал эми 2015 жылы “ККНК” Каржы министрлигинин Каржылык насыя фондуна мурдагы комбинаттын аймагындагы технологиялык жабдыкты жана жер аянтынан 4,1 гектар тилкесин күрөө катары бергени, натыйжада 2016-жылы “ККНК” менен “Касиет” насыя келишимин жана күрөөгө коюлган мүлктү “ККНКдан” “Касиетке” өткөрүүнү өтүнүп, өкмөткө кайрылганы маалымдалды.

“Өкмөттүн 2016-жылдын 8-июлундагы токтомуна ылайык, “ККНКнын” 1997-жылдагы насыялар боюнча карыздык милдеттенмесине байланыштуу карызы мамлекетке башка күрөөлүк камсыздоо менен жалпы суммасы 519 млн сомго “Касиетке” өткөрүлүп берилип, “ККНКнын” мүлкүнөн бардык чектөөлөр алынып салынган”, - деп билдирди УКМК.

8-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "АЮнун" негиздөөчүсү, учурда чет мамлекетте жүргөнү айтылган ишкер Шаршенбек Абдыкеримовду сыртынан камакка алган. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин экс-президенти Абдыкеримовго Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренесинин негизинде айып тагылган. Ал өзү соңку окуялар тууралуу комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG