G7 уюму Кытайдан украин маселеси боюнча Орусияга таасир этүүнү суранды

G7. Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөнүн алдыңкы жети өлкөсүнүн башын бириктирген “Чоң жети” (G7) тобу Кытай бийлигине кайрылып, Орусияга Украинадагы агрессиясын токтотуш үчүн басым көрсөтүүгө чакырды. Топтун тышкы иштер министрлери Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын алкагында жолугушуп, жыйынтыгында билдирүү таратышты.

Анда Кытай Орусиянын аскерлери Украинадан тез арада, толук жана эч кандай шарт койбостон чыгып кетишине аракет кыларына үмүт бар экени белгиленди.

Бул күндөрү Кытайдын башкы дипломаты Ван И Орусияда иш сапарда жүрөт. Кечээ ал орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп, Украинаны талкуулаганы кабарланган.

Орус тарап ал жолугушууда “кризисти Орусиянын кызыкчылыктарын эске албастан жана, анысы аз келгенсип, Орусиянын өзүн катыштырбастан жөнгө салуу аракетинин келечеги жок” деп айтылганын билдирген.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, орус президенти Кытайга барышы ыктымал деген кабарлар бар.

5-6-сентябрда Сауд Арабиясынын Жидда шаарында Украинада тынчтык орнотуу маселесине арналган жыйын өткөн. Ага Орусия чакырылган эмес. Бул жолугушууга Украина жана анын Батыштагы өнөктөштөрү эле эмес, Кытай, Индия, Египет жана Бразилия, жалпысынан 40тай мамлекеттин өкүлдөрү да катышкан.

"Чоң жетиге" Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ мүчө.

Орусия былтыр 24-февралда Украинага кол салган. Муну өзү "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугу Орусияны агрессор катары айыптап жатат.

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин айтып келет. (RK)

Дагы караңыз

УКМК "АЮ" ээлик кылган 4,1 гектар жер мамлекетке өткөнүн билдирдиСапаты санааркаткан Ош-Ноокат жолуКаримованын акчасынын бир бөлүгү балдарга жумшалат