БУУ эл аралык коомчулукту Ливияга жардам берүүгө чакырды

Селден кийинки көрүнүш.

БУУнун Качкындар агенттиги (UNHCR ) Ливиядагы адам өмүрүн алган суу ташкынынан кийин эл аралык коомчулукту кайрымдуулукка чакырды. Кыйраган аймактарга, өзгөчө Дерна шаарына тез арада колдоо көрсөтүү зарылдыгы айтылган видео 18-сентябрда жарыяланды.

Уюмдун Ливиядагы өкүлү Рана Ксаифи кырдаалды "үрөй учурарлык" деп мүнөздөдү.

"Мен жолдордун экиге бөлүнүп калганын көрдүм. Тоолордон жээкке кулаган чоң таштарды көрдүм. Үйлөр талкаланып, бузулуп, суу астында калган. Адамдар абдан көп сандагы жакындарынан ажырашты. Дайынсыз жоголгондор бар. Издөө-куткаруу топтору адамдардын өмүрүн сактап калуу аракетин улантууда. Бирок абал туруктуу эмес ", - деди Ксаифи.

10-сентябрга караган түндөгү бороон-чапкындан улам Дернанын үстүндөгү эки дамба бузулуп, калааны сел каптаган.

Мамлекеттик маалымат каражаттары шаарда кеминде 891 имарат кыйрап калганын, мэр бери дегенде 20 миң адам каза болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Акыркы маалыматтарда беш миңден ашуун кишинин өлүмү тастыкталып, 10 миңге жакыны дайынсыз экени айтылган.

Египет, Алжир, Палестина, Түркия, Кувейт, Катар, Италия жана АКШ Ливияга материалдык-каржылык жардам көрсөтүүдө. Айрым өлкөлөр куткаруучуларды жиберген.

Дагы караңыз

Сасык тумоо жуктургандар бир аптада 30% көбөйдүМигрант жашоо: Кайын журт менен калган келиндерКайыпов: Эне тилди өздөн чыккан жаттар өнүктүргөн эмес