Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

Сасык тумоо жуктургандар бир аптада 30% көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда сасык тумоолоп, дарыгерге кайрылгандар көбөйгөнүн бүгүн 18-сентябрда “Азаттыкка” Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, катталган бейтаптардын саны үч миңге чукулдап, жалпы көрсөткүч бир апта мурдагыга салыштырганда 30% жогорулады.

Ооругандардын 67,3% 14 жашка чейинки балдар.

Дарыгерлер сасык тумоонун көбөйүшүнө аба ырайы салкындап, адамдын организминин коргонуу күчү төмөндөшү жана көпчүлүгү ооруганда жатып дарыланбай, башкаларга жугузуп жүрө бериши менен байланыштырууда. (RK)

XS
SM
MD
LG