Чыңгыз Эшимбеков Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматынан алынды

Чыңгыз Эшимбеков.

Чыңгыз Эшимбеков Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы 18-сентябрда жарыялады.

Ушул эле күнү Руслан Бийбосунов Орусиянын Сибир жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы башкы консул кызматынан бошотулду.

Эшимбеков менен Бийбосунов бул кызматтарга 2019-жылы 17-сентябрда дайындалган.

Чыңгыз Эшимбеков ага чейин Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси болуп иштеген.

Дагы караңыз

Сасык тумоо жуктургандар бир аптада 30% көбөйдүРепрессия курмандыктарын актоо мыйзам долбоору парламент комитетинен өттү Украин аскерлери Клещеевка айылын бошоттуМамлекеттик архивдин материалдарды сактоочу жайы толуп калды