Казакстанда "Камызяки" тобунун концерти токтотулду

Азамат Мусагалиев.

Курамына орусиялык куудулдар Азамат Мусагалиев менен Денис Дорохов кирген "Камызяки" тобунун Алматы жана Астанадагы концерттери токтотулду.

Уюштуруучулардын айтымында, буга "Камызяки" тобунун Украинанын Орусия аннексиялап алган Донецк облусунда концерт койгону жана муну казак коомчулугу терс кабыл алганы себеп болду. Этностук казак Азамат Мусагалиев иш-чарада орусиялык аскерлерди жана согушту колдогон мааниде сүйлөгөн.

5-октябрда “Камызяки” куудулдар тобунун Казакстанга үч күндүн гастролу башталмак.

Буга чейин менен согушту колдогон орусиялык Полина Гагарина, Григорий Лепс, Лариса Долина сыяктуу ырчылардын концерттерине коомчулуктун талабы менен Казакстанда тыюу салынган. Мындан тышкары согушту колдогон актёр Сергей Глушко катышкан спектакль да коюлбай калган.

Дагы караңыз

Экология жаштарга эле керекпи? Футбол: Кыргызстандын кубогу үчүн "Абдыш-Ата" менен "Мурас Юнайтед" беттешет Акыйкатчы Алматыда камалган кыргыз ишкери боюнча казак омбудсменинен көмөк сурады