Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:51

Акыйкатчы Алматыда камалган кыргыз ишкери боюнча казак омбудсменинен көмөк сурады


Эрмек Маркабаев. Архивдик сүрөт.
Эрмек Маркабаев. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамила Жаманбаева Алматыда камакта отурган кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин ишине байланыштуу Казакстандын омбудсмени Артур Ластаевге кайрылды. Акыйкатчынын басма сөз кызматы бүгүн 14-сентябрда билдиргендей, ал эки өлкө ортосунда кабыл алынган кызматташтык жөнүндөгү меморандумга ылайык Маркабаевдин укугун коргоого көмөктөшүүгө чакырды.

Алматыдагы ири базарлардын бири «Алтын Орданын» аткаруучу директору Эрмек Маркабаевди казак полициясы быйыл 2-июнда кармап кеткен, ошондон бери ал Алматынын тергөө абагында отурат.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугунун өкүлдөрү менен жолугушууда Маркабаев ага маңзатты атайылап салып коюшканын, мындай басым аркылуу андан базардын 20% үлүшүн тартып алуу аракети жүрүп жатканын айтып берген.

Ишкердин маселеси бир күн мурда Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Балбак Түлөбаев кыргыз бийлигинен ал боюнча расмий маалымат берүүнү сурап, Ички иштер министрлигине, Тышкы иштер министрлигине жана акыйкатчыга протоколдук тапшырма берүүнү өтүнгөн:

«Социалдык түйүндөрдөн баарын көрүп жатабыз – кандай кармалганын, чөнтөгүнө кантип салганын… Бул биздин жарандын тагдыры эмне болуп жатат? Тышкы иштер министрлиги расмий билдирип койсоңуздар. Көрүнгөнү эле жакшы иштеп жаткан ийгиликтүү кыргыз бизнесменин ушинтип саботаж кылып, чагым кылып кармай береби?».

Окуя быйыл 2-июнда Алматы облусунун аймагында, Алматы–Бишкек автожолунда болгон. Полицияга куралчан адамдар бара жаткан машина тууралуу анонимдик маалымат түшүп, “Алтын Орда” базарынын директорунун орун басары Маркабаевдин машинасы токтотулган. Жансакчысы текшерилип, анын алып жүргөн куралынын бардык документтери жайында болуп чыккан. Бирок ошол эле замат маңзатка байланыштуу жаңы айып коюлуп, иш козголуп, Маркабаев камакка алынган.

Интернетте Маркабаевди полиция куралчан күч кызматкерлеринин коштоосунда кармап жаткан учур тартылган видео тараган. Видеону чөнтөк телефонуна тартып алган аял ага баңги затын атайылап салып коюшканын көргөнүн айткан.

Маркабаев Алматыдагы бизнесин бул өлкөнүн мурдагы бийлиги тушунда тарттырып жибергени, былтыр сот аркылуу аны кайра кайтарып алганы жана жаңылоо иштерин жүргүзүп жатканы кабарланган.

Ишти Алматы полициясы тергеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG