Президент Жапаров үч министрди кызматка дайындады

Гүлнара Баатырова, Алымкадыр Бейшеналиев жана Нурия Кутнаева.

Президент Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри, Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министри жана Гүлнара Баатырованы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындады.

Жапаров тийиштүү жарлыктарга бүгүн, 13-сентябрда кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш аларды министр кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карап, колдоп берген.

Президент Жапаровдун 7-сентябрдагы жарлыктары менен өкмөттө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болгон. Анда билим берүү жана илим министри болуп алты айдан бери иштеп жаткан Каныбек Иманалиев "жүктөлгөн милдетин тийиштүү деңгээлде аткарбаган" деген негизде иштен алынган.

Кудайберген Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулган, анын ордуна ага чейин саламаттык сактоо министри болуп турган Гүлнара Баатырова милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Баатырованын ордуна буга чейинки саламаттык сактоо министри, коррупцияга байланыштуу камакка алынып кайра чыккан Алымкадыр Бейшеналиев келген.

Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов кызматынан бошотулуп, президенттин алдындагы Инвестицияларды тартуу агенттигинин жетекчиси кызматына кеткен. Нурия Кутнаева санарип өнүктүрүү министри, ал ага чейин башкарган Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттигине Алмамбет Касымбеков жетекчи болду. (КЕ)

Дагы караңыз

Кишинев "Sputnik Молдова" агенттигинин башчысын өлкөдөн чыгарды Мадумаровдун тарапташтары соттун алдына чогулуп, аны бошотууну талап кылууда Шаардык сот Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды "Клооп" сайтын бир нече провайдер бөгөттөгөнү кабарланды