Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

Шаардык сот Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды


Мадумаровду бошотууну талап кылып чыккандар. Бишкек шаардык сотунун алды. 13-сентябрь, 2023-жыл
Мадумаровду бошотууну талап кылып чыккандар. Бишкек шаардык сотунун алды. 13-сентябрь, 2023-жыл

Бишкек шаардык сотунда 13-сентябрда парламент депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" оппозициялык партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасы жана анын кармоонун мыйзамдуулугу каралды. Биринчи Май райондук сотунун чечими өзгөрүүсүз калды.

Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы кабаралды.

Жараян жүрүп жаткан учурда соттун имаратынын алдына Мадумаровдун тарапташтары, туугандары чогулуп, аны бошотууну талап кылып турушту. Имаратка эч ким киргизилбеди, себеби түшүндүрүлгөн жок.

2-сентябрда камакка алынган Мадумаровго ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") менен айып коюлганын билдирген. Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын ошол эле күнү карап, 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.

Адвокаттар буга каршы шаардык сотко даттанышкан.

Башкы прокуратура парламенттен 22-июнда Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга макулдук алган. Анда “бийликтен аша чабуу” деген берене менен айып коюлган. Башкы көзөмөл органынынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атады. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп 2008-2009-жылы бир жыл иштеген. Ошол маалда Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Сөз болгон протоколго байланыштуу ал былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Мадумаровдун камакка алынышы жана ага коюлган айыптын мыйзамдуулугун териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүү өтүнүчү менен спикер Нурланбек Шакиевге кат жолдогон. Маселе парламентте качан каралары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG