Кыргызстанда "Клооп" басылмасынын сайты айрым провайдерлер аркылуу ачылбай калды. Басылма 13-сентябрда бул тууралуу маалымдап, "бир катар интернет провайдер «фейктер жөнүндөгү" мыйзамга ылайык Маданият министрлигинин талабын аткарып, колдонуучулары үчүн «Клооптун» сайтын бөгөттөгөнүн жазды. Алардын катарында «О!» уюлдук оператору менен Homeline провайдери да бардыгын билдирди.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эркин басылманын сайтын бөгөттөө чечимине сайтка оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын айтып даттанганы жөнүндөгү жаңылык жарыяланганы себеп болгон. Министрлик атайын кызмат "бул макала фейктер жөнүндөгү мыйзамга каршы келет жана УКМКнын аброюна шек келтирет" деп кайрылганын билдирип, аны өчүрүүнү талап кылган.
12-сентябрда «Клооп» сайтына макала өчүрүлбөй турганын жарыяланды. “Албетте, биз эч нерсени өчүрбөйбүз. Аталган жаңылыкта кандайдыр бир такталбаган маалымат бар деп эсептебейбиз. Ал эми бийликтин өжөрлөнүп, кандай ыкма менен болсо да оозубузду жабууга аракет кылганы ансайын күмөн ойлорго түртөт” деп жазылган.
Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылып, отурум 26-сентябрга белгиленген. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялап жатканы” жазылган.
Медиа коомчулук прокурордун кайрылуусун басма сөз эркиндигине басым катары сыпаттаган. Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин эркин басылманын ишмердигин чектөбөөгө үндөдү. (RK)
Дагы караңыз
Ливиядагы апаат: беш миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылдыИликтөө: Рустам Жапаровду чуулгандуу Абдукадыр менен эмне байланыштырат?Абдыкеримовду камоо чечими бизнеске кооптуу коңгурообу?Мамлекеттик сыйлык алгандар жана коомчулукта сындалгандар