Бишкектин Биринчи Май райондук соту "АЮ холдингдин" негиздөөчүсү, учурда чет мамлекетте жүргөнү айтылган ишкер Шаршенбек Абдыкеримовду сыртынан камакка алды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин экс-президенти Абдыкеримовго Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренесинин негизинде айып тагылган. Ал өзү соңку окуялар тууралуу комментарий бере элек.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 8-сентябрда "АЮ холдингдин" негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовду сыртынан камакка алган чечим чыгарганы белгилүү болду.
Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы 12-сентябрда "Азаттыкка" ырастады. Чечимде Ички иштер министрлигинин тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылганы, Абдыкеримов кармалгандан кийин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалары жазылган.
ИИМдин Тергөө кызматы "Аю холдингге" байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында Абдыкеримовго беш берене менен айып такканы маалым болду. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу (адалдоо)") боюнча айып тагылган. Беренеде “адамдардын тобу менен алдын ала сүйлөшүп алуу”, “уюшкан топ түзүү жана ага катышуу” жана “ири өлчөмдө” деген үч пункт белгиленген.
Мындан сырткары 238-берене – "Акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо", 41-берене – "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү (экинчи бөлүгү)", 240-берене – "Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү (экинчи жана үчүнчү бөлүгү)" жана 261-берене - "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу (биринчи бөлүгү)" боюнча да айып коюлду.
12-сентябрда "АЮ холдингдин" юристи Акыл Кунакунов соңку маалыматтар тууралуу "Азаттыкка" жооп берип, компания азыр штаттык режимде иштеп жатканын белгиледи.
Бирок сот чечимине каршы даттануу жөнүндө кеңешүү болорун, купуялыкты сактоо кагазына кол коюлгандыктан башка маалымат берүүгө укугу жок экенин кошумчалады:
"Азыр эч кандай комментарий бере албайм. Ал киши менен байланыш жок. Сот чечими тууралуу маалыматыбыз бар. Эми кеңешүү болот, андан башка эч нерсе айта албайм".
53 жаштагы Шаршенбек Абдыкеримовдун азыр кайда экени белгисиз. Айрым маалыматтарда айтылгандай, ал соңку эки жылдан бери ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдө дарыланууда.
Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 14-апрелинде Кыргызстандагы спирттик ичимдиктерди чыгарган “АЮ” ишканасы мамлекеттин менчигине өтө турганын жарыялаган.
Мамлекет башчы “Кабар” маалымат агенттигине берген интервьюсунда буга компаниянын мыйзам бузууларга барып, мамлекетке чоң көлөмдө зыян келтиргени негиз болгонун айткан.
Президент анда “АЮ” компаниясы салыкты жашырып, акцизди жасалмалап, спирт аткезчилигин жасаганын айткан. Жапаров бюджетти толтуруу үчүн компаниянын мындан ары ачык иштешин талап кылган. Бир катар мыйзам бузуулары үчүн спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатканын, мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет өзү чыгара турганын белгилеген. Бирок азыр бул боюнча соттун чечими бар-жогу туралуу маалымат жок.
Апрель айында ИИМ “АЮ” ишканасынын заводунда тинтүү жүргүзүп, 260 тонна мыйзамсыз спирт, акциздик маркасы жок 12 миң бөтөлкө алкоголь ичимдиги табылганын кабарлаган.
“Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү” боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында Сокулук айылындагы жана Токмок шаарындагы “Токмок Буллс” ишканасынын кампалары текшерилип, мыйзамсыз 260 тоннадан ашык этил спирти, “АЮ” компаниясынын бухгалтердик документтери, акциздик маркалары жок 12 миң бөтөлкө ичимдик алынган.
Милиция аталган кампалар жабылганын, кылмыш иштин алкагында 118 дарек текшерилгенин билдирген.
“Азаттыктын” жеке булактары “АЮ” заводун анын ээлери өз ыктыяры менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп бергенин, конфискация иштери жүрбөгөнүн билдирген.
Муну экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев да “Азаттыкка” ырастаган.
Жогорку Кеңештин депутаты, аталган холдингде 2013-жылдан 2018-жылга чейин сырткы байланыш, маркетинг кызматын тейлеген Балбак Түлөбаев бир кезде жогорку деңгээлге чыккан компаниянын азыркы абалына кейиди:
"Ошол жылдары "АЮ холдингдин" суусун Дубайга жана Катарга сатуу боюнча лицензия алууга жетишкенбиз. Лабораториялык анализдери жүргүзүлүп, холдинг өнүгүп-өскөн убагы болгон. Тилекке каршы, эң өкүнүчтүүсү, Кыргызстанда "АЮ" менен кошо арак өндүрүү тармагын өлтүрдүк. Азыр базарда спирттин сапаты начар, сырттан кирген арак базарларды басып алды. Биз баарын алдырып ийдик. "АЮ" эле эмес спирт, акциз маркалары менен кармалып жаткандар көп болду. Абдыкеримов ооруп, эки жылдан бери сыртта жүргөн, бул жердеги жетекчилери эмне кылып жатканы тууралуу билген жок".
Президент Жапаровдун апрелде холдингге тиешелүү эки завод мамлекетке конфискация болорун айткан. Түлөбаев буга комментарий берип, соттун чечими азырынча жок экенине токтолду.
Тийиштүү органдар укуктук баа бермейинче мыйзамдык жагын аныктоо кыйын болорун айткан Балбак Түлөбаев ишкер Абдыкеримовдун Кыргызстандын бизнес тармагына кошкон салымын белгиледи.
Шаршенбек Абдыкеримов Кыргызстандагы эң ири компаниялардын бири "АЮ Холдингди" 2003-жылы негиздеген.
Көп профилдүү холдингдин курамында 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар, алардын катарында "АЮ Курулуш", "АЮ Гранд", "АЮ Лизинг", "АЮ Гарант", "Токмок булз", "Ак сарай" жана башкалар бар.
Абдыкеримов 2011-жылы "Республика" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болуп парламентке келген.
2003-жылы "Кыргызстан" саясий партиясын негиздеп, 2015-жылы партия парламентке келген.
2015-жылы Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти болуп шайланган.
2021-жылы №33 Нарын шайлоо округунан "Кыргызстан" партиясынын сунушу менен депутаттыкка талапкер болгон. Көп өтпөй парламенттик шайлоого катышуудан баш тартып, чечимин "ар ким өз иши менен алектениши керек" деп түшүндүргөн.
"Дос-тууганы башкарып, чындыкты чыгаргысы келбейт"
Журналист Тынчтык Алтымышев Абдыкеримов негиздеген "АЮ холдинг" ата мекендик өндүрүштүн флагманы болгонун белгилейт.
Арак чыгаруудан ишин баштаган компания бизнестеги бийиктиктерге жетип, 40ка чукул мекеме түптөй алганын, бирок аларды башкаруу урук-тууганга, доско өтүп кеткендиктен соңку учурда ишти илгерилетүү кыйындап кеткенин айтты:
"Шаршенбек Абдыкеримов - жаңычылдыкты сүйгөн, иштерман, кыйын менежер. "АЮ" - өлкөдө дүркүрөп өсүп, "Мега" уюлдук оператору жана "Кумтөр" алтын кенинен кийинки эле чоң салык төлөп келаткан ишкана. Бирок Шаршенбек мырза "100 завод ачам" деген тилегине жетпей калды. Маселен, компаниянын өзүндөгү менежерлик кызматты аркалаган топтон кемчилик кетти. Алар бир муштум болуп иштеп, өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталган иштерди алып барбай, тескерисинче өз ара келише албай калды. Бизнестин структурасын таза, ачык-айрым түзө алышкан жок. Менин байкоомдо Абдыкеримов күчтүү топ-менежерлерди сырттан алып келип, компаниянын өнүгүшү үчүн аларды иштетүүгө аракет кылды. Бирок холдингди башкарып турган тууган-туушканы, достору ага жол бербеди".
Алтымышевдин белгилешинче, Абдыкеримов мындан бир жарым ай мурда Кыргызстанга келип, компаниянын ишине аралашууга ниет кылган. Бирок ден соолугу Кыргызстанда жашап-иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей, кайра сыртка кетүүгө аргасыз болгонун айтты.
Эркин журналист Ыдырыс Исаков Facebook баракчасына Шаршенбек Абдыкеримовдун сырттан камалышы "Кыргызстандагы ишкерлерди үркүтөрүн" жазды. Анын айтымында, мындай жагдай акчасы барларды сыртка качырып, өлкөдөгү ишкерликтин өнүгүүсүнө жолтоо болот:
"Арак өндүрүшү мамлекеттин колуна өткөндөн бери ичимдик сапаты түшүп кеткени өкмөт жыйынында да ачык айтыла баштады. Эми арактын сапаты начарлап, мурдагы өтүмдүүлүгүн жоготкондон кийин Кыргызстандын арак базарын казак, орус, өзбек өндүрүшү басып кирери турган иш. Ошондо азыр мактанып аткан кирешелүү арак тармагы кулайт. Анан кыргыздын акчасы арактын айынан сыртка агып чыга баштайт. Мурдагы даңкы далайга жетип калган "Кыргыз арагы" деген брендди кайра калыбына келтирип көр анан… Биздин бийлик жаман болмоктон шайтан болуп кеткенде дагы экономиканын жок дегенде негизги принциптерин кармана жүрсө болмок. Дегеним, армия жоокерден куралат, экономика ишкерден куралат! Бүгүн Абдыкеримовду, эртең башкасын кууп, баарын мамлекетке өткөргөндө өндүрүштөгү уурулуктан башка эч нерсе өспөйт. Ишкерди алдап-соолап иштетип, салыгын сыгып алуу ири өндүрүштү өзүң башкарганга караганда алда-канча оңой чыгаар. Көзөмөлдөө да оңой".
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен былтыр сентябрь айынан тартып этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга 100% мамлекеттик монополия киргизилген. Бул жарлык этил спиртин өндүрүү багытын жакшыртуу, салыкты көбөйтүү, аткезчилик жол менен ташып келүүгө, контрафакттык продукцияга бөгөт коюу жана калктын саламаттыгын коргоо максатын көздөй турганы айтылган.
“Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, өлкө аймагында өндүрүлгөн жана импорттолгон этил спиртин сатууга эксклюзивдүү укук берилген.
Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев "АЮ холдингин" негиздеген Абдыкеримовго байланыштуу иштин мындан аркы тергелиши жана соттун чечимдери - өлкөдө ишкерликтин өнүгүүсүнө же кайра артка кетүүсүнө шарт түзүлөрүн белгиледи. Ал ошондой эле бул окуяда мамлекеттин ролу, мыйзам үстөмдүгүнүн мааниси да чоң экенин кошумчалады:
"Башында сөзсүз түрдө буга чоң көңүл бурулуп, дүрбөлөң болот. Бирок мындан аркысы эң маанилүү. Ишкерлердин иши эми кандай каралат? Ким айып коёт, ал эмненин негизинде коюлат жана элге канчалык деңгээлде түшүндүрүлөт? Бул элди (ишкерлерди) эрежеге үйрөтөбү же болбосо кайра элди, өзгөчө ишкерлерди кайра чочутабы, коркутабы? Эгерде мыйзам үстөмдүгү болбой калса, жеке менчиктин корголушуна берилген кепилдик аткарылбай калса, ишкерлер өлкөдөн кетет. Азыр инвесторлордун да, кыргызстандык ишкерлердин да көңүлү мына ушуга бурулуп турат".
"АЮ холдинг" 2003-жылдан бери өлкө бюджетине 9 млрд сомго чукул салык төлөгөн. Эң көп салык 2014-жылга туура келет, бул жылы компания 1 млрд 774 миллион сом төгүп берген. Ал эми 2021-жылы холдинг төлөгөн салыктын көлөмү 657 миллион сомду түзгөн.