Бирок эки өлкөдөн ары-бери өткөндөргө ашыкча жүк алып өтүүгө мүмкүн эмес. Он жылдан ашык жабык турган өткөрмө бекетине жакын жашагандардын жашоо шарты туралуу Оштон кабарчыбыз Даткабек Шабданбек уулу айтып берет.
Кыргыз-өзбек чек арасы: Кара-Багышта жашоо жанданды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
1-сентябрда Кыргызстандын Араван району менен Өзбекстандын Мархамат районун бириктирген чек арадагы өткөрмө бекет ишке кирди. Кошуна жашаган тургундар бири-бирине ээн-эркин каттап, жашоо жанданды. Бул чек ара бекети 10 жылдай жабык турду.