12-сентябрда орус армиясы Украинанын Донецк облусуна чабуул койгондо 84 жаштагы аял менен 71 жаштагы эркек набыт болду. 72 жаштагы аял катуу жараат алды.
Облустук прокуратура Красногоривка шаарчасы артилерриялык аткылоого кабылып, жеке турак жайлар бутага алынганын билдирди.
Андан тышкары Авдеевкага урулган соккуда 82 жана 55 жаштагы аялдар жарадар болуп, ооруканага жеткирилди.
Прокуратура орус аскерлери аймакты үзгүлтүксүз аткылап жатканын, карапайым тургундардын үйлөрү жана чарбалык объектилер зыян тартканын белгиледи. Согуш мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча кылмыш иши ачылды.
Далилдүү көрсөтмөлөргө карабай, Москва Украинада карапайым калк бутага алынганын моюнга албайт жана аскердик объектилерге гана чабуул коюп жатканын билдирет.
Шейшембиде украин армиясынын басма сөз кызматы орус аскерлери Киевдин Авдеевка жана Маринка аймагындагы турумун бузуп өтүүгө аракет кылганын, бирок ал ишке ашпаганын маалымдады.
Дагы караңыз
"Согушка эмес, үйгө баргым келет". Орус абагындагы кыз-келиндер Ракета, буудай, мунай. Путин менен Ким эмне алмашат? Түркмөнстанда элди пахта теримге мажбурлоо болуп көрбөгөндөй күчөдү