2018-жылы үйлөнүү тоюнда орус президенти Владимир Путин менен бийлеген Австриянын мурдагы тышкы иштер министри Карин Кнайсл жумушуна байланыштуу Санкт-Петербургга көчүп барат. Бул тууралуу ал Чыгыш экономикалык форуму маалында айтканын ТАСС агенттиги жазды.
Кнайсл Орусиянын негизги маселелери боюнча геосаясий борборун (GORKI - The Geopolitical Observatory for Russia’s Key Issues) жетектей турганын билдирди.
Буга чейин Ленинград облусунун ветеринардык башкармалыгы Кнайсл Орусияга эки пони алып келгенин маалымдаган.
The Insider белгилегендей, Пулковонун ат спорт клубунун социалдык түйүндөгү баракчасында жарыяланган сүрөттөргө караганда, пони Ил-76МД учагы менен жеткирилген. Бул учак Орусиянын Коргоо министрлигине таандык. Ал май айында "Вагнер" жеке аскер компаниясынын жабдууларын жана жалданма аскерлерди ташыгандыгы үчүн АКШ менен Украинанын "кара тизмесине" түшкөн.
Дагы караңыз
Фейсбуктагы пост үчүн дагы эки активист камалды"Согушка эмес, үйгө баргым келет". Орус абагындагы кыз-келиндер "Балам таш-топурак алдында калды". Марокко аза күтүп жататРосгвардия "вагнерчилерди" кызматка алып жатканы кабарландыКыргызстан менен Армениянын товар жүгүртүүсү эки эсе өстү