Түркмөнстанда бийлик калкты пахта терүүгө мажбурлоо чараларын болуп көрбөгөндөй күчөткөнүн"Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды.
Мары облусунда жол кыймылын бузгандарды, аракечтер менен селсаяктарды ак була жыйноого салып жатат.
Балкан облусунда пахта терүү өнөктүгү маалында үй-бүлөлүк майрамдарды, анын ичинен үйлөнүү үлпөттөрүн жана башка салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынды. Бийлик той-маареке өткөргөндөрдү "убакыт уурдатпоого" чакырды.
Гызылрават облусунда кафе-ресторандар жабылып, базарлар кечки саат тогуздан кийин гана ачылууда.
Мындан тышкары, милиция кызматкерлери коомдук жайда тамеки же насвай чеккендерди, эс алып жүргөндөрдү кармап, пахта талаасына айдап жатканын "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдирди. Журналистке атын атабай сүйлөп берген жарандардын айтымында, мынчылык масштабдагы мажбурлоо 15 жылдан бери болгон эмес.
Элди пахта теримге мажбурлаганы үчүн буга чейин да эл аралык коомчулуктун сынына кабылган Түркмөнстан быйыл 580 миң гектардан 1 миллион 250 тонна ак була жыйноого бел байлап турат.
Дагы караңыз
"Согушка эмес, үйгө баргым келет". Орус абагындагы кыз-келиндер "Балам таш-топурак алдында калды". Марокко аза күтүп жататФейсбуктагы пост үчүн дагы эки активист камалдыМинистрлик баш-аягы алмашып калган китептер тууралуу түшүндүрмө берди