Кыргызстан менен Армениянын товар жүгүртүүсү эки эсе өстү

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев менен Армениянын Бишкектеги элчиси Армен Гевондян. 12-сентябрь, 2023-жыл. Бишкек

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев менен Армениянын Бишкектеги элчиси Армен Гевондян. 12-сентябрь, 2023-жыл. Бишкек

2023-жылдын жети айында Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы соода жүгүртүү 12 млн долларды түздү. Бул өткөн жылдагыга салыштырмалуу эки эсеге көп. Былтыр бир жылда эки өлкө ортосундагы товар алмашуу 6 млн доллар болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев менен Армениянын Бишкектеги элчиси Армен Гевондяндын жолугушуусунда айтылды. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, тараптар жолугушууда эки өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Элчи министр Текебаевди ыңгайлуу учурда Ереванга келип кетүүгө чакырды.

Кыргызстандын Экономика министрлигинин маалыматына караганда, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 2021-жылы 3,5 млн долларга жетпей калган. Ошол жылы экспорт-импорт дагы кыскарган. Былтыр экспорттун көлөмү төө бурчактын эсебинен көбөйгөн.

Келерки айда, октябрда Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өтөт.

Учурда бул уюмга Кыргызстандан сырткары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Орусия, Беларус жана Армения мүчө. Мындан сырткары Кыргызстан менен Армения ЖККУ, ЕАЭБге дагы мүчө. (КЕ)

Дагы караңыз

Ишкер Абдыкеримовго беш берене менен айып тагылды Акылбек Жапаров КМШдагы маалымат агенттиктердин башчыларын кабыл алды Мароккодо зилзаланын курмандыктары 2800дөн аштыӨзбекстандын муфтийи бети-башын чүмкөгөндөрдү сындады