Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Мароккодо зилзаланын курмандыктары 2800дөн ашты


Урап калган үйлөрдү аралап бараткан марокколуктар.
Урап калган үйлөрдү аралап бараткан марокколуктар.

Мароккодогу катуу жер титирөөдө 2862 адам каза таап, 2562 адам жарадар болгону такталганын 12-сентябрда Reuters агенттиги кабарлады.

Издөө-куткаруу иштери уланып жаткандыктан, жабыркагандардын жана курмандыктардын саны көбөйүшү мүмкүн экени айтылууда. Алыскы аймактарда куткаруучулар жете элек кыштактар да бар. Марокконун бийлиги дайынсыз жоголгондордун так санын да жарыялай элек.

ЮНИСЕФ уюму зилзалада 100 миңдей бала жабыркаганын билдирди. Каза болгондордун арасында канча бала бар экени белгисиз.

Издөө-куткаруу иштерине Испания, Улуу Британия жана Катардын адистери кошулду.

9-сентбярга караган түнү Атлас тоо кыркаларында күчү 7 баллга жеткен жер титирөөдө Марокконун ондогон шаар-кыштактарында турак жайлар талкаланды.

XS
SM
MD
LG