Кошмо Штаттары Орусия жана Түндүк Кореянын лидерлери Владимир Путин менен Ким Чен Ын курал-жарак тууралуу макулдашса аларга каршы жаңы санкция салууга даяр экенин эскертти. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер дүйшөмбүдө журналисттерге билдирди.
"Түндүк Кореядан Орусияга курал жөнөтүү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин көптөгөн резолюциясын бузуу болорун эки өлкөнүн тең эсине салам. Биз албетте Орусиянын согушун каржылаган адамдарга каршы санкцияларды колдонгонбуз жана биз колдонууну улантабыз, ошондой эле зарыл болгон учурда эч токтоосуз жаңы санкцияларды салууга даярбыз".
АКШ Москва Пхеньяндан ириде артиллериялык ок-дары алгысы келет деп эсептейт. Расмий Москва курал тууралуу маалыматты ырастай элек.
Ал эми Кимди Орусиянын спутниктери жана суу алдында жүрүүчү атомдук кемелердин жаңы технологиялары кызыктырат. Бул өлкө ошондой эле азык-түлүккө муктаж.
Мунун алдында Кремль Ким Чен Ын Путиндин чакыруусу менен жакынкы күндөрү Орусияга келерин ырастаган. Ага чейин бир катар басылмалар Ким чопкутталган поездде Владивостокко жөнөгөнүн жазган.
Батыштын санкцияларына кабылып, обочодо калган бул эки мамлекет Орусия Украинага толук согуш ачкан 2022-жылдын башынан бери байланышын бекемдөө аракет кылып жатат.
Ким Чен Ын менен Владимир Путин соңку ирет 2019-жылы Владивостокто жолугушкан.
Дагы караңыз
Президент каршы болгон сүттүн баасы жөнүндөгү мыйзам кайра жазылат УКМК: Төрөкулова "массалык башаламандыкка" шек саналып жататДепутат Эрбаев Иштамберди кенин улутташтыруу маселесин көтөрдү Ок-дары өндүргөн Бишкек штамптоочу заводуна 470 млн сом насыя берилетЖогорку Кеңеште Эдил Байсаловду иштен алуу талабы дагы айтылды ЖК: Гүлнара-Клара Саматтын кызмат ордун кароо маселеси көтөрүлдү Айжигитов "Теке секирик" долбоору ишке ашпай жатканын сынга алды