УКМК: Төрөкулова "массалык башаламандыкка" шек саналып жатат

Зарина Төрөкулова.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) активист Зарина Төрөкулова "массалык башаламандыкка" шек саналып камалганын ырастады. Ага социалдык тармактардагы "чагымчыл" билдирүүлөрүнө байланыштуу айып коюлганын маалымдады.

"Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгүнүн диспозициясына (“массалык башаламандыктар”) туура келген чагымчыл маанайдагы материалдарды такай Фейсбукка жарыялаган “Зарина Төрөкулова” деген аккаунтунун ээси – Т.З. аныкталды. Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 9-сентябрда анын бөгөт чарасын карап, 30-октябрга чейин камакта калтырды. Тергөө иштери жүрүп жатат",- деп жазылган маалыматта.

Төрөкулованын жакындары жана жактоочусу буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Ал социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.

Кыргызстанда соңку кездери "массалык башаламандыкка" айыпталып бир катар активисттер, социалдык тармактын колдонуучулары кармалды. Укук коргоочулар жарандар пикирин эркин билдирүүгө укугу бар экенин айтып, бийликти куугунтукка байланыштуу айыптап келет.

Дагы караңыз

Депутат Эрбаев Иштамберди кенин улутташтыруу маселесин көтөрдү Ок-дары өндүргөн Бишкек штамптоочу заводуна 470 млн сом насыя берилетПрезидент каршы болгон сүттүн баасы жөнүндөгү мыйзам кайра жазылат Жогорку Кеңеште Эдил Байсаловду иштен алуу талабы дагы айтылды ЖК: Гүлнара-Клара Саматтын кызмат ордун кароо маселеси көтөрүлдү Айжигитов "Теке секирик" долбоору ишке ашпай жатканын сынга алды