Ок-дары өндүргөн Бишкек штамптоочу заводуна 470 млн сом насыя берилет

Бишкек штамптоочу заводу 2021-жылы 80 жылдыгын белгилеген.

Жогорку Кеңештеги Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитети 11-сентябрдагы жыйынында "Бишкек штамптоочу заводуна" 476 миллиондон ашык сом насыя берүүнү колдоду.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков өкмөттүн буга байланыштуу тескемесинин долбоору менен тааныштырып жатып, насыяны он жылга берүү каралып жатканын билдирди.

"Бул завод стратегиялык объект болуп саналат. Анын иши аскердик багыттагы продукцияларды өндүрүү жана сатуу болуп эсептелет. Бюджеттик насыя төмөнкү шарттарда берилет: мамлекеттик ишкананы оңдоо, калыбына келтирүү жана карыздарын жабуу. Насыя акча которулган убактан тартып он жылга берилет. Анын ичинде негизги сумманы жана пайыздарды төлөөгө жеңилдетилген мезгил үч жыл болот. Насыянын пайыздык чени 3% деп чектелди",-деди Татиков.

Ушул жылдын май айында президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган заводдун абалы менен таанышкан.

Мурдагы Ленин заводунун базасындагы бул ишкана өлкөдөгү стратегиялык ишканалардын бири. Анда ок-дарылар өндүрүлөт. Завод Мамлекеттик мүлк фондуна карайт жана ишканада учурда 500дөн ашык адам эмгектенет.

Бишкек штамптоочу заводу 2021-жылы 80 жылдыгын белгилеген.

Дагы караңыз

Президент каршы болгон сүттүн баасы жөнүндөгү мыйзам кайра жазылат Кыргызстанда жыл башынан бери 100дөй адам сууга чөгүп каза болду Депутат Эрбаев Иштамберди кенин улутташтыруу маселесин көтөрдү Жогорку Кеңеште Эдил Байсаловду иштен алуу талабы дагы айтылды ЖК: Гүлнара-Клара Саматтын кызмат ордун кароо маселеси көтөрүлдү Айжигитов "Теке секирик" долбоору ишке ашпай жатканын сынга алды