Активист Зарина Төрөкулова 30-октябрга чейин камалганы белгилүү болду

Зарина Төрөкулова

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 9-сентябрда активист Зарина Төрөкулованы 30-октябрга чейин камакка алганы белгилүү болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" 11-сентябрда аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсү Төрөкулованы камакка алуу өтүнүчүн келтирген. Ал 30-октябрга чейин атайын кызматтын тергөө абак жайында болот.

Буга чейин активистти атайын кызматтын өкүлдөрү кармап кеткени кабарланган. 24.kg басылмасынын маалыматына караганда, Төрөкуловага "массалык башаламандык" беренеси боюнча айып коюлган. Ал эми кайсы ишке байланыштуу кармалганы айтылган эмес.

УКМК анын эмне себептен жана качан кармалганы тууралуу комментарий бере элек.

Зарина Төрөкулова социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындап келген. (MKt)

Дагы караңыз

Германиянын тышкы иштер министри төртүнчү ирет Киевге бардыКөмүр экспортуна убактылуу тыюу салындыМароккого чет элдик куткаруучулар барышты