Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:01

Көмүр экспортуна убактылуу тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда автожол аркылуу сыртка көмүр ташып чыгып экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Өкмөттүн 8-сентябрдагы “Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык, мындай чектөө алты айлык мөөнөткө киргизилди.

Токтомдо айтылгандай, алты ай бою Кыргызстандын аймагынан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында 2701 жана 2702 деген товардык код коюлган көмүрдү автомобиль транспорту менен ташып чыгууга уруксат жок болот. Мындай чектөөнүн “Эркеч-Там” жана “Торугарт” автомобилдик өткөрүү пункттарына жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экени белгиленди.

Кышында калктын жана бюджеттик уюмдардын көмүрү жетишсиз болсо же анын баасы жогорулап кетсе президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, айыл өкмөт башчыларына жеке жоопкерчилик жүктөлөрү белгиленди.

Кыргызстандагы отузга жакын көмүр кени Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын аймактарында жайгашкан. Нарындагы Кара-Кече көмүр кени “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына таандык, анда эки жүздөй адам эмгектенет. (RK)

XS
SM
MD
LG