Казакстандын курорттук Бурабай калаасындагы Rixos-Borovoe мейманканасынын кызматкерлери жапырт ууланды. Бул тууралуу "Казинформ" мамлекеттик агенттиги Акмоло облусунун санитардык дарыгерлерине шилтеме кылып кабарлады.
Конок үйүндө иштеген 17 кызматкер өзүн жаман сезип, дарыгерге кайрылганда "тамак-ашка уулануу" диагнозу коюлган. Тогуз киши Көкшетау шаарындагы Жугуштуу оорулар борборуна жаткырылды.
7-сентябрь күнү жарыяланган маалыматка ылайык, ооруканага жеткирилгенге чейин алардын баары кусуп, ичи өтүп, дене табы жогорулаган.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы мейманкананын ресторанында текшерүү жүргүзө баштады. Азырынча Rixos-Borovoe мейманканасы комментарий бере элек.
Маалымат каражаттары Rixos-Borovoe мейманканасы олигарх Булат Утемуратовго таандык экенин жазышты. Forbes-Казакстан журналы анын байлыгын 2,7 миллиард долларга баалап, өзүн өлкөдөгү эң бай 10 адамдын катарына киргизген.
Дагы караңыз
"Клооптун" иши: Эркин медианын эртеңи кандай болот?Тофалар - Сибирдин түпкүрүндө калган элХерсонго жасалган чабуулда үч киши курман болду