Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Херсонго жасалган чабуулда үч киши курман болду


Херсон облусундагы кыштактардын биринде соккудан талкаланган үй. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Херсон облусундагы кыштактардын биринде соккудан талкаланган үй. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Орус аскерлери Украинанын Херсон облусуна урган соккудан бери дегенде үч адам курман болуп, бир канчасы жараат алды. Аймактык аскер администрациясынын башчысы Александр Прокудин Одрадокаменка жана Веселый кыштактары бутага алынганын 8-сентябрда билдирди.

Ушул эле күнү Кривой Рог шаарына Орусиянын күчтөрү аткан ракета полициянын кеңсесине тийип, бир киши кызматкер набыт болгонун ички иштер министри Игорь Клименко айтты. Урандылардын астынан куткарылган үч кишинин абалы оор. Бул калаада жалпысынан 55 киши жараат алганы такталды.

Ошондой эле Сумы облусундагы эки кабаттуу үйдү ракета талкалап, эки киши жараат алган.

Запорожьеге да ракеталык чабуул болгонун, бери дегенде бир киши жараат алганын аймактын башчысы Юрий Малашко маалымдады.

Одесса жана Николаев облустарына орус күчтөрү дрон менен чабуул койгонун, 20 учкучсуз аппараттын 16сынын мизи кайтарылганын армия кабарлады. Зыяндын көлөмү тууралуу маалымат берилген жок.

Москва Украинанын аймактарына жасалган соккулар тууралуу комментарий бере элек.

БУУнун эсебинде Орусиянын Украинадагы согушунда 9500ге жакын жайкын тургун набыт болду. Уюм курмандыктардын чыныгы саны мындан көп болушу мүмкүндүгүн белгилейт.

Далилдерге карабай, Кремль Украинадагы аскердик объектилер гана бутага алынарын, калктуу конуштарга чабуул койбогонун айтып келет.

XS
SM
MD
LG