Ташкент аэропортунда колго түшүрүлгөн 8,5 тонна апийимдин чоо-жайы иликтенүүдө. Атайын кызмат кылмыш ишин козгоду.
Учак майданында маңзаттын рекорддук партиясы кармалганы тууралуу 8-сентбярда Өзбекстандын Бажы комитети билдирген.
Расмий маалыматта айтылгандай, бул бажы кызматынын 30 жылдык тарыхында биринчи жолу ушундай ири өлчөмдө маңзат партиясы кармалган учур болуп калды.
Аны ташыгандар чет өлкөдөн учак менен алып келип, жүк ташуучу унаалар менен жеткирүүгө аракет кылганы белгиленген. Коштоочу документтерде жүктүн ичинде 1000 капка салынган 25 тонна кондитердик апийим болгону көрсөтүлгөн. Текшерүү учурунда жүктүн арасынан 8,5 тонна апийимдин активдүү заты камтылган таңгактар табылган. Ал маңзат катары Өзбекстанда тыюу салынган.
Дагы караңыз
Түндүк Корея суу астында сүзүүчү өзөктүк кемесин коё берди"Орусияга автоунаа ташып жатасыңар дешти". Литвадан өтө албай жаткан ишкерлерWildberries компаниясы Кыргызстанда ишин үзгүлтүксүз улантат