Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:23

Түндүк Корея суу астында сүзүүчү өзөктүк кемесин коё берди


 "Баатыр Ким Кунг Ок" суу астында жүрүүчү кемеси.
"Баатыр Ким Кунг Ок" суу астында жүрүүчү кемеси.

Түндүк Корея бортунда өзөктүк куралы бар суу астында сүзүүчү кемеси коё берилгенин жарыялап, муну өлкөнүн деңиз күчтөрүн чыңдоодогу жаңы аракеттин башаты деп атады.

"Баатыр Ким Кунг Ок" деп ат коюлган кеменин салтанаттуу ачылышына катышкан мамлекет башчысы Ким Чен Ын аны "деңиз флотунун суу астындагы негизги чабуулчу куралдарынын бири" деп сыпаттаганын Пхеньяндын Борбордук телегарфтык агенттиги кабарлады.

Маалыматтарга караганда, кемеде кеминде он учуруучу түтүк бар, алардын төртөө ракеталар үчүн колдонулушу мүмкүн.

Сеул кеменин ишке жарамдуулугунан күмөн саноодо. Түштүк Кореянын генералдар комитети Түндүк Корея кеменин мүмкүнчүлүктөрүн көбүртүп-жабыртып жатканын белгиледи.

  • 2023-жылдагы машыгууларда Пхеньян Жапония менен Түштүк Кореяны көздөй бир нече жолу ракета учурган.
  • Апрелде АКШ менен Түштүк Корея Түндүк Кореянын курал сыноолорун көбөйткөнүнө тынчсызданып, өзөктүк коркунучка каршы туруу планын макулдашкан. Пхеньян Вашингтон менен Сеулдун биргелешкен машыгууларын, Түштүк Кореяга америкалык курал-жарактарды жеткирилишин “АКШнын өзөктүк согушту тутантуу аракети” деп атады.
  • Түштүк Корея менен Түндүк Корея техникалык жактан согуш абалында кала берүүдө. Корей согушундагы аракеттер 1953-жылы толук эмес тынчтык келишими менен аяктаган. Андан бери АКШ Түштүк Кореяда чоң аскерий позициясын сактап келет.

XS
SM
MD
LG