Алматыда “Азаттыктын” Борбор Азия кызматтарынын 70 жылдыгына арналган медиа форум өтөт

"Азаттык" радиосунун кабарчысы Бишкектеги иш-чаралардын биринде энелерди кепке тартууда.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Борбор Азия кызматтарынын 70 жылдыгына карата Алматы шаарында 14-сентябрда "Эркиндик медиа форуму" өтөт.

Бир күндүк иш-чарада бир нече панелдик талкуулар жана презентациялар болот. Радионун өкүлдөрү жана чакырылган баяндамачылар чөлкөмдөгү басма сөз эркиндигинин абалын талкуулашат. Борбор Азиядагы демократиянын өнүгүшүнө таасир этүүчү факторлор тууралуу ойлорун ортого салышат.

Журналисттер иликтөө жасоо, өзгөчө кырдаалдарды чагылдыруу, веб-сайттарга бөгөт коюлган шартта иштөө жаатында тажрыйба алмашышат.

Медиа форумга кирүү акысыз. Иш-чара "Азаттыктын" YouTube жана Facebook баракчаларында көрсөтүлөт.

  • “Эркин Европа/Азаттык радиосу” (Radio Free Europe/Radio Liberty, RFE/RL) – АКШ Конгрессинин грантынын эсебинен каржыланган көз карандысыз америкалык медиа корпорация.
  • Компания 23 өлкөдө 27 тилде маалымат таратат.
  • Борбор Азияда кыргыз, казак, өзбек, тажик жана түркмөн кызматтары иштейт.
  • “Эркин Европа/Азаттык" радиосунунмиссиясы – сөз эркиндиги орной элек жана ага бийлик тыюу салган өлкөлөрдө маалыматты таратуу жана чагылдыруу аркылуу демократиялык баалуулуктарды жана институттарды, ошондой эле адам укуктарын алга сүрөө.

Дагы караңыз

Илон Маск Крымда Starlink байланышын өчүрүүгө буйрук бербегенин айтты“Кумтөрдүн” адистери Тоголок кенине барып келишти Кыргыз-өзбек чек арасы: Элдин ары-бери каттоосу жеңилдеди