Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:08

“Кумтөрдүн” адистери Тоголок кенине барып келишти


“Кумтөрдүн” адистери Тоголок кенине 1-сентябрда барып келишти.
“Кумтөрдүн” адистери Тоголок кенине 1-сентябрда барып келишти.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын басма сөз кызматы компаниянын кызматкерлери 1-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан Тоголок кенине барып келишкенин билдирди. Бул тууралуу ишкана 8-сентябрда маалымат берди.

“Кумтөрдүн” вице-президенти Кубанычбек Турдукожоев башында турган адистер Тоголок алтын кенине жана Жангарт аянтына барып, аймакка топографиялык изилдөө жүргүзгөн. Мекеме кенге баруу үчүн жол даярдалган соң кийинки жылдан тартып Тоголок кенин өздөштүрүү, Жангарт аянтына геологиялык чалгындоо жүргүзүү иштери башталарын кошумчалады.

Тоголок алтын кенин иштетүү үчүн лицензия “Кумтөр Голд Компани” ишканасына алган. Кен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жангарт суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 3600–3900 метр бийиктикте жайгашкан. Кумтөргө жанаша жайгашкан кен 1978-жылы табылган.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын президенти Алмаз Барыктабасов кенде 1979-1980-жылдары чалгындоо иштери болгонун, бул аймакта С1, С2 категориясы боюнча 17-18 тоннадай алтын бар экенин айткан.

Алтын кенин иштетүү тууралуу сөздөр 2021-жылы “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги түзүлгөндө эле айтыла баштаган. Холдинг кайра бир жылдан кийин эле жоюлган. (BTo)

XS
SM
MD
LG