Бишкекте Комуз күнү белгиленет

Комуз.

9-сентябрь - Комуз күнүн утурлай Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти. Анда балдар музыкалык мектебинин жана балдар чыгармачылык үйүнүн комузчулары катышып, Т.Сатылганов, К.Досуев, А.Огомбаев, К.Орозов жана башка залкарлардын күүлөрү чертилди.

Комуз күнү 9-сентябрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында дагы белгиленет. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, бул күнү залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына арналып, концерт өтөт.

2019-жылы президенттин жарлыгы менен Кыргызстанда 9-сентябрь комуз күнү деп жарыяланган.

Комуз - кыргыз элинин чертме музыкалык аспабы. Ал өрүк, жаңгак, арча жана башка бир катар жыгачтардан чабылат. Кыргыздын салттуу музыкасынын басымдуу бөлүгү комузда чертилет.

Дагы караңыз

Кривой Рогдо полиция кеңсесине урулган соккудан бир киши каза таптыЫсык-Ата: Атайын операцияда үйү күйгөн жаранга жатаканадан бөлмө берилгенТажик банкирди өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири абакта көз жумганы тууралуу маалымат айтылдыКазакстанда Максим Галкиндин концертин өткөрүүгө уруксат берилди